Жогорку Кеңеш 27-ноябрдагы отурумунда орто мектептерде окуучулардан жана ата-энелерден мыйзамсыз каражат чогулткандарга айып пул салуу боюнча мыйзам долбоорун экинчи жана үчүнчү окууда колдоду. Документ эми президентке жөнөтүлөт.
“Билим берүү жөнүндө” мыйзамга жана Укук бузуулар жөнүндө кодекске киргизилип жаткан өзгөртүүлөргө ылайык, мамлекеттик мектептерде мыйзамсыз акча чогулткандарга 20 миң сом айып салынат. Мектептерде фонддорду түзүп ал аркылуу каражат жыйнаган адамдар 40 миң сом, юридикалык жактар 60 миң сом айыпка жыгылат.
Документтин автору Жогорку Кеңештин депутаты Миргүл Темирбаева.
Ички иштер министринин орун басары Эркебек Аширходжаевдин сөзүнө караганда, мектептерде мыйзамсыз каражат чогултулуп жатканы тууралуу арыз түшсө министрлик текшерип, анын жыйынтыгы менен протокол түзүлөт жана айып салынат.
Былтыр 26-майда президент Садыр Жапаров “Балдардын мектепте акысыз билим алуу укугун ишке ашырууга мамлекеттик кепилдиктерди камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө” жарлыкка кол койгон.
Документте мамлекеттик жалпы билим берүү уюмдарында (1-класстан 11-класска чейинки мектептерде) мыйзамсыз акча чогултууга жана мектептердин алдында коомдук фонддорду түзүүгө тыюу салынары белгиленген. Ага жол берген мектеп директорлору жана мугалимдердин жоопкерчилиги каралары эскертилген.
Мектептердеги акча чогултууларга байланыштуу даттануулар Кыргызстанда утур-утур катталып келет. (BTo)
Минималистичную стратегию Thronefall портировали на смартфоны
Epic CEO Tim Sweeney takes his victory lap as Fortnite returns to the app store after nearly 5 years: 'Thanks to all of the folks who initially sided with Apple then later came around to the winning side'
Все изменения в Destiny Rising перед началом ЗБТ: общий уровень героев, гача-крутки и модификации
Регистрация на Supremacy: Warhammer 40,000 — стратегию от создателей Supremacy 1914
Прощай, SWIFT: ЕС собрался убрать больше 20 банков из системы
ПРИЧЁМ ЗДЕСЬ ИЛОН МАСК? В ДЕЛЕ ГЕНЕРАЛА ИВАНА ПОПОВА КОСМИЧЕСКИЕ СЕРИИ СОВПАДЕНИЙ. СЕНСАЦИЯ! В.В. Путин, Дональд Трамп, Илон Маск. Россия, США, Европа могут улучшить отношения и здоровье общества?!