Добавить новость
ru24.net
World News
Ноябрь
2024

Аба ырайы: Баткенде жаан жаайт

0
Синоптиктер 30-ноябрь, 1-2-декабрь күндөрү Кыргызстанда абанын температурасы төмөндөп, аба ырайы кескин өзгөрүлүшү күтүлөрүн эскертишүүдө. Бул күндөрү жаан, кар жаайт. 2-декабрда түнкүсүн Чүй, Талас, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаайт.



Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жолдор тоңголок жана тайгак болуп, тоолуу аймактарда кар күрткүсү күтүлөт.



Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы айрым жерлерде секундасына 15-20 метрге, Ысык-Көл акваториясынын батыш тарабында 17-22 метрге чейин жетиши күтүлөт.



29-ноябрда түнкүсүн жаан-чачын жаабайт. Күндүз Баткен облусунун айрым жерлеринде жаан, тоолуу райондорунда кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Тоолуу райондордо жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.



Абанын температурасы:



Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 1…6, күндүз 13…18;



Талас өрөөнүндө тункүсүн 0…5, күндүз 12…17;



Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 2…7, күндуз 15…20;



Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 0…-5, күндуз 5…10;



Нарын облусунда түнкүсүн -7…-12, күндүз 1…6 градуска жылыйт.



Бишкек шаарында жаан-чачын жаабайт. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 3…5°, күндүз 15…17° жылуу болот.




 



Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
Екатерина Александрова

Александрова обыграла Мартич и пробилась в полуфинал турнира в Линце






Суд в Москве арестовал третьего топ-менеджера Роснано Галстяна

Добавьте музыку к вашему плаванию

Посмертное признание: Роман Мадянов удостоен «Золотого орла» за последнюю роль в кино

ФСБ разоблачила коррупционеров в Минобороны: они продавали системы ПВО