Добавить новость
ru24.net
World News
Ноябрь
2024

ЖККУнун Астана саммитинде 14 документке кол коюлду

0
28-ноябрда Астана шаарында өткөн Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун (ЖККУ) Жамааттык коопсуздук кеңешинин саммитинде 14 документке кол коюлду. Бул тууралуу Кыргызстандын президентинин сайтына жарыяланды.


Кол коюлган документтердин ичинде Жамааттык коопсуздук кеңешинин декларациясы, уюмду мындан ары дагы чыңдоо, 1941-1945-жылдардагы согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгын майрамдоо, уюмдун тажик-ооган чек арасын бекемдөө чечими жана башка протоколдор бар.


ЖККУга быйыл Казакстан төрагалык кылууда. 2025-жылы бул милдет Кыргызстанга өтөт.


1992-жылы негизделген ЖККУнун курамында алты өлкө – Кыргызстан, Армения, Беларус, Казакстан, Орусия жана Тажикстан бар.



Армениянын премьер-министри Никол Пашинян быйыл 12-июнда Армения Жамааттык коопсуздук келишим уюмунан (ЖККУ) чыгарын жарыялаган. Ал Азербайжан Тоолуу Карабакты көзөмөлүнө алган кезде жана эки өлкө ортосунда чек ара сүйлөшүүлөрү оңой эмес болуп жаткан чакта ЖККУга таяна албай койгонун бир нече жолу кайталаган. Бирикмеде үстөмдүк кылган Москва, өз кезегинде, Арменияны батышчыл позициясы үчүн айыптаган.(ZKo)




 



Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
Анна Блинкова

Блинкова уступила четвертой ракетке мира в четвертьфинале турнира в Остине






Экс-генпрокурор РФ Скуратов заявил, что Березовский мог не допустить убийство Листьева

Суд над генералом армии

В Коломне появился Центр медиации

Бывшие билетные кассы в доме у Белорусского вокзала в Москве решили продать