Добавить новость
ru24.net
World News
Ноябрь
2024

“Кемпирабадчыларды” актаган судья Сыдыков кызматтан кетүү боюнча арыз жазды

0
Кемпир-Абад иши боюнча айып тагылган саясатчы жана активисттерди актаган өкүм чыгарган Бишкектин Биринчи май райондук сотунун судьясы Марат Сыдыков өз каалоосу менен кызматтан кетүү боюнча арыз жазганы белгилүү болду.


Соттор кеңеши анын арызын 29-ноябрдагы жыйынында карай турганы кеңештин сайтындагы маалыматта айтылат. Кандай чечим кабыл алынганы азырынча белгисиз.


Кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатканына каршы пикирин билдирген 27 саясатчы, активист жана укук коргоочу 2022-жылы октябрда камалган.


Ички иштер министрлиги (ИИМ) аларга Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандыктар” жана “Бийликти күч менен басып алуу” беренелери менен айып таккан. Шектүүлөр мунун баарын саясий куугунтук катары сыпаттаган.




Бишкектин Биринчи май райондук сотунун судьясы Марат Сыдыков быйыл 14-июнда Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандыктар” жана “Бийликти күч менен басып алуу” беренелери менен шек саналган 22 саясатчы жана активисттерди актаган өкүм чыгарган. Эртеси, 15-июнда президент Садыр Жапаров сот чечимине комментарий берип, “эгер мен сот болсом, бул иштин уюштуруучуларына кандайдыр бир жаза берет элем, жок дегенде айып пул же пробация” деген.


Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Тергөө башкармалыгы ишке “жашыруун” грифин койгон жана сот жараяндары жабык өткөн.


Прокуратура 12-июлда Бишкектин Биринчи май райондук сотунун өкүмүнө каршы Бишкек шаардык сотуна апелляциялык арыз берип, иш 6-августтан бери шаардык сотто каралып жатат.


43 жаштагы Марат Сыдыков Бишкек шаарында төрөлгөн. Ал кызматтан кетүү арызы туурулуу комментарий бере элек. Марат Сыдыков буга чейин Кой-Таш, мурдагы премьер-министр Сапар Исаков жана Аида Салянованын иниси Улан Саляновдун өлүмүнө байланыштуу чуулгандуу иштерди караган.  (BTo)




 



Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
ATP

Буэнос-Айрес (ATP). 1-й круг. Карбаллес Баэна встретится с Лайовичем, Дьере – с Мюллером






В российских городах состоятся благотворительные концерты «Культура в помощь Донбассу»

В Серпухове отметили День российской науки

ВСС проведет юбилейную XX Международную конференцию по страхованию 27 мая 2025 года

PRYSM GROUP – архитектурное бюро, создающее будущее