Социал-демократтар партиясы БУУга кайрылды
Партия өзүнүн лидеринин укугу Бишкек шаардык кеңешине шайлоо алдында одоно бузулган деп белгилейт. Бул тууралуу Султанбековдун Фейсбуктагы баракчасына жарыяланды.
Социал-демократтар партиясы Борбордук шайлоо комиссиясынын 17-ноябрдагы шайлоонун жыйынтыгын бекитүү чечиминин үстүнөн сотко даттанмакчы. Билдирүүдө жазылгандай, БШК партиянын өтүнүчү менен каралып жаткан соттук териштирүүнүн аягына чыгышын - Жогорку соттун чечимин күтпөй туруп, шайлоонун жыйынтыгын чыгарганы - мыйзамсыз экени жазылган.
"Социал-демократтар" партиясы шайлоодон негизсиз, эч кандай далилсиз четтетилишин - саясий басым-кысым деп эсептешет.
Шайлоо алдында, 13-ноябрда "Социал-демократтар" партиясынын Бишкектеги штабында тинтүү жүргүзүп, партиянын лидери Темирлан Султанбековду жана бир катар мүчөлөрүн кармап кеткен. Милиция аларга карата Кылмыш-жаза кодексинин “Шайлоочулардын добуштарын сатып алуу” беренеси боюнча кылмыш ишин козгогон. Шектүүлөр коюлган айыпты четке кагып, муну саясий басым-кысым деп баалап жатат. Темирлан Султанбеков 14-ноябрдан бери тергөө абагында ачкачылык кармоодо.
Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы козголгон кылмыш ишин жана тергөөнүн маалыматтарына таянып, Социал-демократтар партиясын Бишкек шаардык кеңешине шайлоого катышуудан четтеткен. (ZKo)