Добавить новость
ru24.net
World News
Ноябрь
2024

“Яндекс.Такси” депутат Акаевдин комиссия жогору деген сөзүн четке кагууда

0
“Яндекс.Такси” компаниясы Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаевдин ишкана такси айдоочуларынан 21% чейин комиссия алып жатканы тууралуу сөзүнө жооп берип, маалыматты четке какты. Компания Кыргызстанда сервисти пайдалануунун акысы 10% түзөрүн, ал эми Бишкекте жогорулатылган тарифтерде кошумча нарк салыгын жана сатуудан түшкөн салыкты кошуп эсептегенде 17% ашпай турганын билдирди.


Жанар Акаев парламенттин 28-ноябрдагы жыйынында “Яндекс.Такси” компаниясы анда такси кызматын көрсөтүп иштегендерден алына турган комиссияны жогорулатып жибергенин, Министрлер кабинети буга чара көрүшү керектигин айткан.


Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы “Яндекс.Такси” компаниясын Кыргызстандын такси рыногунда монополист деп тапкан. Коомчулукта ишкана бааны өтө эле жогорулатып жибергени тууралуу нааразылыктар айтылып келет.




Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 26-мартта “Яндекс.Такси” компаниясына ээлик кылган “Яндекс” бизнес тобунун жетекчиси Даниил Шулейкону кабыл алып, компаниянын айдоочулары салык төлөөгө тийиш экенин эскерткен.


“Яндекстин” өкүлүнүн жолугушууда айтканына караганда, ушул тапта Кыргызстанда 100 миңден ашык айдоочу компаниянын тиркемесине кошулган. “Яндекс.Такси” Кыргызстанда адамдарды ташуудан сырткары тамак-аш, азык-түлүк жеткирүү менен да алектенет. Анын баш кеңсеси Москвада жайгашкан.


Компанияны былтыр күзүндө Орусиянын бийлиги да такси рыногунда монополист деп таанып, бааны көтөрүү, айдоочулардын тапканынан үлүш алуу иштерин сынга алган жана монополияга каршы чаралар көрүлөрүн эскерткен.


Былтыр декабрда Казакстанда монополияга каршы жүргүзүлгөн чаралардын негизинде “Яндекс.Такси” административдик жоопкерчиликке тартылып, өлкөнүн санарип системасын колдоо фондуна өз ыктыяры менен 3 млрд тенге (6,5 млн доллар) төлөп бергени кабарланган. (BTo)




 



Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
WTA

Россиянка Калинская снялась с турнира WTA в Мексике






До конца года 7 семей из аварийных домов Ленинского округа получат ключи от новых квартир

США передали России обвиняемого в разбойном нападении в Пулково в 2014 году

Путин заявил, что первые контакты с новой администрацией США внушают надежду

Захарова указала на нагнетание Парижем ненависти к РФ после атаки на генконсульство