Министрлер кабинетинин атынан сунушталган “Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө” мыйзам долбоору Жогорку Кеңешке түшүп, 25-ноябрда каттоого алынды.
Документте мамлекеттик жана муниципалдык мекемелерде, Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн кошуундарында, бөлүктөрүндө жана бөлүмдөрүндө динди (диний агымдарды) жайылтууга тыюу салынары жазылган. Жарандардын диний сезимдерин мазактаган коомдук иш-чараларды, анын ичинде жалпыга маалымдоо каражаттарында, интернетте тексттерди жана сүрөттөрдү жайгаштырууга болбойт.
Мыйзам долбоору кабыл алынса китепчелерди жана баракчаларды таратуу, динди таңуулоо максатында диний багыттагы объекттерди кошпогондо, үйлөрдү кыдырууга тыюу салынат.
“Эч бир дин мамлекеттик же милдеттүү дин катары белгилениши мүмкүн эмес, бардык диндер жана диний уюмдар мыйзам алдында бирдей. Кудайга сыйынуучу жайларда чогулуштарды, митингдерди, шайлоо алдындагы үгүттү жана саясий мүнөздөгү башка иш-чараларды өткөрүүгө жол берилбейт”, - деп айтылат документте.
Андан тышкары диний негизде партияларды жана башка саясий түзүлүштөрдү түзүүгө, ошондой эле диний бирикмелердин саясий ишке катышуусуна жол берилбейт.
Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия 30-августта Кыргызстанда “Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө” жаңы мыйзам долбоорун талкууга койгон. Коомдо бул документке байланыштуу талаш-тартыш болуп, мыйзам долбоорун иштеп чыгуу боюнча жумушчу топ түзүлгөн. Документти сөз болуп жаткан топ кайра иштеп чыкты. (BTo)
СТЕПАШИН И ЗЮГАНОВ РЕШИЛИ ПРИСОЕДИНИТЬ И ЗАПАДНУЮ УКРAИНУ К РОССИИ? ОЧЕНЬ ВАЖНЫЕ НОВОСТИ! Россия, США, Европа могут улучшить отношения и здоровье общества?!
Назван район Новой Москвы с ростом цен в мае на новостройки в 1,7 раза
«Вдруг появляется F-16»: Патриарх Кирилл рассказал о встрече с истребителями НАТО
СТЕПАШИН И ЗЮГАНОВ РЕШИЛИ ПРИСОЕДИНИТЬ И ЗАПАДНУЮ УКРAИНУ К РОССИИ? ОЧЕНЬ ВАЖНЫЕ НОВОСТИ! Россия, США, Европа могут улучшить отношения и здоровье общества?!
ТАУРИН ДЕТЯМ НЕ?... НАЛИВАТЬ? ТАУРИН: "ЭНЕРГЕТИК", КОТОРЫЙ НЕЛЬЗЯ ЗАПРЕТИТЬ ВСЕМ, КТО ХОЧЕТ ЖИТЬ. СЕНСАЦИЯ! Россия, США, Европа могут улучшить отношения и здоровье общества!
Съёмочная группа Бондарчука эвакуировалась из Ирана после атаки Израиля
Вот самое интересное: Как Китай помог обрушить Минобороны Израиля и сделает ли ход Россия?
Синоптики спрогнозировали небольшой дождь и до +19 градусов в Москве 15 июня