Добавить новость
ru24.net
World News
Ноябрь
2024

Тбилисиде жуманын кечинде кайрадан нааразылык акциясы башталды

0
Тбилисиде жуманын кечинде кайрадан нааразылык акциясы башталды. Жүздөгөн киши евроинтеграцияны жактап парламенттин жанына чогулду. Анын алдында полиция массалык акцияны күч менен кууп таркатып, ондогон кишини кармап кеткен.


28-ноябрда кечинде грузин өкмөтү Евробиримдикке кирүү боюнча сүйлөшүүлөр 2028-жылдын аягына чейин жүрбөйт деген чечимин жарыялагандан кийин тынч акция башталган.


Тышкы иштер министрлигинин кызматкерлери бул чечимге каршылыгын билдиришти. Документте премьер-министр Ираклий Кобахидзенин кадамы өлкөнүн стратегиялык кызыкчылыгына дал келбей турганы белгиленет.


Дипломаттар муну менен Грузия обочодо калып, евроинтеграция үчүн ыңгайлуу шарттардан кол жууп, коопсуздугуна коркунуч жаралышы ыктымал деп эскертишти.


Коргоо министрлигинин кызматкерлери да билдирүү жасап, европалык жана евроатлантикалык түзүмдөр менен кызматташтыктын маанисин белгилешти. Ошондой эле Батыштагы өнөктөштөрдүн өлкөнүн коргонуу дараметине кошкон салымы чоң экенине токтолушту.


Жума күнү кечинде беш менчик университет наарызылык иретинде өз ишин убактылуу токтотконун жарыялады.


Ошол эле күнү эртең менен полициянын ыкчам аракеттенүүчү күчтөрү демонстранттарга каршы желим ок колдонгону, чогулгандарды жана айрым журналисттерди уруп, сабаганы маалымдалган.


Грузиянын полициясы 43 киши кармалганын билдирди. Алар майда бейбаштык жана полицияга баш ийбөө үчүн айыпталууда. Ички иштер министрлиги 32 кызматкери жабыркаганын, бирөө ооруканага жеткирилгенин кабарлаган.


Еврошаркетке кошулууга умтулуп жаткан Грузия былтыр талапкер деген макам алган. Бирок бийликтеги партия сүрөгөн Орусиянын үлгүсүндөгү “чет өлкөлүк таасир” тууралуу жана ЛГБТ жамаатын бутага алган мыйзамдар бул багыттагы аракеттерге залакасын тийгизди.


Июлда АКШ Грузия демократия жолунан тайганын айтып, Тбилиси өкмөтүнө бериле турган 95 миллион доллар жардам убактылуу токторун жарыялаган.


Президент Зурабишвили жана оппозиция бир ай мурун болгон парламенттик шайлоо башкаруудагы “Грузин кыялы” партиясынын пайдасына бурмаланганын айтып, анын легитимдүүлүгүн тааныган эмес.




 



Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
Елена Рыбакина

«В личной жизни они находятся в отношениях». Вскрылась информация о скандале Рыбакиной






Стало известно, кем работает отец подростка, отдавшего мошенникам 200 млн рублей

Еще активнее и голоднее станут клещи в Алтайском крае. Как не стать их жертвой в 2025 году

В Кемеровской области заработал новый пассажирский терминал международного аэропорта «Новокузнецк»

Известный российский актёр выйдет на сцену в новом спектакле в Кемерове