Добавить новость
ru24.net
World News
Ноябрь
2024

Адвокат Матцаковду колдоп сотко ондогон адвокат чогулду

0
30-ноябрга ооган түнү Бишкектин Биринчи май райондук сотунда 29-ноябрда УКМК кармаган адвокат Самат Матцаковдун бөгөт чарасы карала баштады. Ишти судья Миран Шерматов карап жатат.


"Баары жакшы болот, күрөшөбүз", - деди Матцаков залда турган журналисттерге.


Сот имаратына журналисттерден тышкары Матцаковдун кесиптештери, 50гө жакын адвокат келгенин "Азаттыктын" жеринде жүргөн журналисти кабарлады. Алардын 30га жакыны Матцаковдун сотто кызыкчылыгын коргоо үчүн ордер беришти. Адвокаттар козголгон иш менен таанышууга мүмкүнчүлүк берүүнү талап кылышты.


Матцаковдун адвокаттары ишти караган судьяга ишенбөөчүлүк келтирди. Алар мунун алдында иште жабырлануучунун арызы жана шектүүнү суракка алуу протоколу жок экенин айтып, ошол документтерди көрсөтүү өтүнүчүн келтиришкен. Судья бул өтүнүчтү канааттандырган эмес.


Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) камакта жаткан ишкер Имамидин Ташовдун жана үч жылга кесилген Аскат Жетигендин адвокаты Матцаковду жума күнү кармаган. УКМК бул тууралуу расмий комментарий бере элек.


Матцаков өзүнүн кармалышын абактагы ишкер Имамидин Ташовдун ишине байланыштырып, "алдамчылык" беренеси менен иш козголгонун "Азаттыктын" кабарчысына билдирген.


Матцаков Бишкектин Ленин райондук соту 10-октябрда алты жылга абакка кескен Temirov Live жана “Айт, айт десе” долбоорунун жетекчиси Махабат Тажибек кызынын, беш жыл эркиндигинен ажыратылган “Айт, айт десе” долбоорунун кызматкери Азамат Ишенбековдун жактоочусу. Үч жылдык пробациялык жаза чегерилген журналисттер Актилек Капаров менен Айке Бейшекееванын да укугун сотто коргойт. (AiB)




 



Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
Марат Сафин

Марат Сафин сделал прогноз на финал Australian Open Янник Синнер — Александр Зверев






Актер Олег Тактаров пожаловался на предвзятое отношение к русским в США

Три популярных молодых музыканта из Сибири в 2025

Камчатка вошла в эксперимент по внедрению «дашбордов губернаторов»

Басманный суд арестовал на пять суток ругавшегося матом на улице британца