Добавить новость
ru24.net
World News
Ноябрь
2024

Тбилисиде полиция нааразылык акциясына чыккандарды күч менен таратты

0
Тбилисиде 30-ноябрь, ишемби эртең менен кайрадан нааразылык акциясына чыккандарды кууп, таркатты. Жума күнү кечинде жүздөгөн киши евроинтеграцияны жактап парламенттин жанына чогулган. Анын алдында полиция акцияны күч менен кууп таркатып, ондогон кишини кармап кеткен.


Өлкөнүн Ички иштер министрлиги митингчилер полицияны кемсинтип, аларды көздөй ар кандай буюмдарды ыргытып жана шаардын мүлктөрүн талкалап жатат деп билдирди. Мекеме массалык акциянын катышуучулары укук бузуу аракеттерин уланта берсе, атайын каражаттар колдонуларын эскертти.




Полиция акциянын катышуучуларын суу менен атып, көздөн жаш агызуучу каражаттарды колдонуп, парламент имаратынан сүрүп жатты. Кечинде митингдин катышуучуларынын сабалганы, аеосуз кармалганы кабарланды. Эртең менен Mtavari телеканалы күч кызматкерлери жерде жаткан жаш жигитти башка тээп жаткан видеону жарыялады.


Учурда канча киши жабыркап, канчасы кармалганы жөнүнө маалымат жок. Өткөн түндөгү митингде Тбилисиде 43 адам кармалып, 33ү ар кандай жаракат менен ооруканага түшкөн. Алардын ичинен 13ү митингчилер, 16сы полиция кызматкери жана төрт массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү болгон.




28-ноябрда кечинде грузин өкмөтү Евробиримдикке кирүү боюнча сүйлөшүүлөр 2028-жылдын аягына чейин жүрбөйт деген чечимин жарыялагандан кийин тынч акция башталган.


Еврошаркетке кошулууга умтулуп жаткан Грузия былтыр талапкер деген макам алган. Бирок бийликтеги партия сүрөгөн Орусиянын үлгүсүндөгү “чет өлкөлүк таасир” тууралуу жана ЛГБТ жамаатын бутага алган мыйзамдар бул багыттагы аракеттерге залакасын тийгизди.


Июлда АКШ Грузия демократия жолунан тайганын айтып, Тбилиси өкмөтүнө бериле турган 95 миллион доллар жардам убактылуу токторун жарыялаган.


Президент Зурабишвили жана оппозиция бир ай мурун болгон парламенттик шайлоонун жыйынтыгы башкаруудагы “Грузин кыялы” партиясынын пайдасына бурмаланганын айтып, анын легитимдүүлүгүн тааныган эмес.




 



Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
Australian Open

Зверев пробился в полуфинал Открытого чемпионата Австралии






В России планируют ввести регулирование риелторской деятельности — материалы газеты

Эксперт Чичкина назвала самые неочевидные для путешествий направления России

«Нефтехимик» дома забил два быстрых гола «Витязю»

Суд продлил арест фигурантам дела об афере с квартирой Ларисы Долиной