Тбилисиде евроинтеграцияны жактап чыккан митингде 107 адам кармалганын ИИМ билдирди. 29-ноябрда кечинде парламент имаратынын алдына жүздөгөн адамдар чогулган. Полиция аларга каршы суу жана көздөн жаш агызуучу каражат колдонгон. Айрым телеканалардын кызматкерлери сабалганы кабарланды.