Добавить новость
ru24.net
World News
Декабрь
2024

Чуулгандуу видеодон кийин Ноокат райондук милициясына жаңы жетекчи дайындалды

0
Ички иштер министринин буйругуна ылайык, Жуманазар Орозбаев Ош облусуна караштуу Ноокат райондук ички иштер бөлүмүнө жетекчи болуп дайындалды. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, анын орун басары, кылмыш иликтөө бөлүмчөсүнүн башчысы болуп Медер Асанов, коомдук коопсуздук кызматынын башчысы болуп Сейитбек Молдобаев, кадр боюнча орун басарлыкка Илимбек Маматеминов дайындалды.




20-ноябрда социалдык тармактарда Ноокат районунун Көк-Жар аймактык милиция бөлүмүнүн ошол кездеги башчысы Тимур Абдисатар уулунун иш бөлмөсүндө тартылган делген видео тараган. Анда жарандык кийимчен адамга милициянын формасын кийген адамдар акча берип жатканы көрсөтүлгөн.


Видео Ноокат районунун Көк-Жар аймактык милиция бөлүмүнүн 10дон ашык кызматкери өлкө бийлигине кайрылуу жолдоп, райондук милициянын ошол учурдагы жетекчиси Талгат Өскөналиевге каршы даттангандан кийин чыккан.


Көп өтпөй видеого байланыштуу Ноокат районунун ички иштер бөлүмүнүн беш кызматкери (М. у Ш., Н.З., М.А., М. у Б., Х. у Т.) жана Көк-Жар айылдык милиция бөлүмүнүн нөөмөтчүсүнүн жардамчысы (М.Н) кармалган. Милиция кызматкерлерине Кылмыш-жаза кодексинин “Пара алуу” беренеси менен айып тагылууда.


Кийин Тимур Абдисатар уулу ички иштер органдарынан кызматтан бошотулуп, издөө жарыяланганы кабарланган.  Талгат Өскөналиев кызматынан төмөндөтүү менен жумуштан алынган. Милицияга өзү келгенин айткан Абдисатар уулу 2025-жылдын 20-январына чейин Бишкектеги №1 тергөө абагына камакка алынган. (КЕ)




 


 



Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
Екатерина Александрова

Александрова обыграла Мартич и пробилась в полуфинал турнира в Линце






Суд арестовал топ-менеджера «Роснано» по обвинению в злоупотреблении полномочиями

Станислав Ахмедзянов: Ситуация на рынке складов в США интересна для российского рынка

Хиддинк боялся ехать в сборную России из-за жены. Его с трудом уговорили Абрамович и Мутко

О привычной зиме теперь забудьте: её больше не будет никогда