Добавить новость
ru24.net
World News
Декабрь
2024

Сирия: Өкмөткө каршы куралдуу топ Идлиб провинциясын көзөмөлгө алды

0
Сирияда Башар Асаддын режимине каршы күрөшүп келаткан куралдуу топтор өлкөнүн түндүк-батышындагы Идлиб провинциясын толугу менен өз көзөмөлүнө алды. Бул тууралуу Reuters өз булактарына таянып билдирди.


Алар Алеппо провинциясынын көпчүлүк бөлүгүнө дагы көзөмөл орноткон.  


Сириянын телеканалдарындагы маалыматка ылайык, 30-ноябрга карата куралдуу кагылыштан армиянын 150дөн ашуун жоокери каза болду. 1-декабрдан тартып Алепподо жергиликтүү убакыт боюнча саат 17:00дөн баштап комменданттык саат кирери кабарланды.


Катардын “Аль-Жазира” телеканалы билдиргендей, Алеппонун аэропорту куралдуу топтун көзөмөлүнө өткөн. Бардык каттамдар токтотулуп, шаарга барчу жолдор жабылган.


Сириянын маалымат каражаттары өкмөткө каршы топтор Алеппонун чыгышында жайгашкан, өлкөнүн Аскер-аба күчтөрүнө таандык Кумерайс аэродромун дагы ээлеп алганын билдирүүдө.


Reuters агенттиги эки сириялык армиядагы булактарына таянып, орусиялык жана сириялык авиация 30-ноябрда өкмөткө каршы топтордун Алепподогу позицияларына сокку урганын кабарлады.


Алепподо 2016-жылдан берки эң масштабдуу кармаш болууда.


30-ноябрда Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Иран жана Түркиядагы кесиптештери менен телефондон сүйлөштү. Министрлер Сириядагы абалды стабилдештирүү аракеттерин күчөтүүнү макулдашты.




 



Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
Пэм Шрайвер

Трофеи чемпионки Олимпийских игр по теннису Шрайвер вернулись к ней после кражи






В Шереметьево предупредили о мошенничестве через подключение к Wi-Fi

И не мечтайте даже: о привычной зиме россиянам стоит забыть напрочь

В Екатеринбурге загорелось административное здание

Бобровский вошел в число 25 лучших вратарей НХЛ по количеству сыгранных матчей