Добавить новость
ru24.net
World News
Декабрь
2024

Экс-депутат Исаев кармалышын саясат менен байланыштырды

0
Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, саясатчы Канатбек Исаев камакка алынышын саясий ишмердиги менен байланыштырды. Бул тууралуу ал 2-декабрда Бишкектин Биринчи май райондук сотуна ага 2017-жылы козголгон кылмыш иши боюнча сотко алынып келген учурда “Азаттыктын” суроолоруна жооп берип жатып айтты.


Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) Чүй облусу боюнча башкармалыгынын кызматкерлери Канатбек Исаевди 20-ноябрда кармап, Кылмыш-жаза кодексинин “Уюшкан топторду жана кылмыштуу коомдоштуктарды каржылоо” беренеси менен айып таккан. Бишкектин Октябрь райондук соту 22-ноябрда саясатчыны УКМКнын тергөө абагына 4-декабрга чейин камакка алган. Ал коюлган айыпка макул эмес экенин билдирген.


УКМК саясатчыга козголгон акыркы иш тууралуу маалымат бере элек.




Канатбек Исаев Кемпир-Абад ишине байланыштуу кармалган саясатчы жана активисттер менен чогуу 2022-жылы 23-октябрда камакка алынган. Райондук сот ал 2017-жылы козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалганын билдирген.


Бишкектин Биринчи май райондук соту 11-январда саясатчынын бөгөт чарасын өзгөртүп, аны үй камагына чыгарган.


УКМК 2017-жылы Канатбек Исаевди “мамлекетте төңкөрүш уюштурууга аракет кылган” деген шек менен кармаган. Ушул иштин алкагында ал УКМКнын тергөө абагында дээрлик бир жыл отуруп, 2018-жылдын 18-июлунда Бишкек шаардык соту аны үй камагына чыгарган.


Ал 2020-жылдагы Октябрь окуясынан кийин 13-октябрда Жогорку Кеңештин төрагасы болуп шайланган. 4-ноябрга чейин спикер болуп иштеп, президенттик шайлоого талапкерлигин койгону үчүн кызматтан кеткен.


Бишкектин Биринчи май райондук соту Кемпир-Абад иши боюнча айып тагылган саясатчы жана активисттерди быйыл 14-июнда актаган. Ушул тапта иш Бишкек шаардык сотунда каралып жатат. (BTo/AiB)




 



Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
WTA

Мирра Андреева покинула топ-10 рейтинга WTA, оставшись первой ракеткой России






В Саратовской области выпускники 9-х классов будут сдавать не 4 экзамена, а два

Песков рассказал, что ему «неоднократно» звонили телефонные мошенники

В столице обновят 28 километров коллекторов

Свердловская область вошла в топ-10 регионов, наиболее активно болевших за Юру Борисова на «Оскаре»