Добавить новость
ru24.net
World News
Декабрь
2024

УКМКнын жемкорлукка жазаны күчөткөн долбоору ЖКга түштү

0
Кыргызстанда коррупцияга айыпталгандарга жазаны күчөтүү тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) иштеп чыккан мыйзам долбоору Жогорку Кеңешке түшүп, документ 29-ноябрда каттоодон өттү.


Мыйзам долбоорунда “Коррупция” беренеси менен соттолгондорго мамлекеттик кызматтарда иштешине өмүр бою тыюу салуу каралган. Ошондой эле андай адамдардын жакындары, туугандары да мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарда иштей албайт.


Кылмыш-жаза кодексинин “Коррупция” жана “Шалаакылык” беренелери менен айып тагылгандар күнөөсүн мойнуна алуу боюнча тергөө менен келишим түзүп, келтирилген чыгымды толугу менен төлөгөндө ушул беренелерде каралган жазанын жарымын абакта өтөшү керек. Шектүү күнөөсүн мойнуна алса да пробациялык жаза колдонулбайт.


Кызмат абалын кыянаттык менен пайдаланган деп сот жообуна тартылгандар белгилүү бир кызмат ордун ээлөө укугунан ажыратылып, эки жылга чейинки мөөнөткө соттолот же мүлкү мамлекетке алынат. Документте мындан башка да бир катар жазалар каралган.




 


Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев 18-сентябрда Баткендин Кадамжай районунда сүйлөгөн сөзүндө өлкөдө жемкорлук азайганын, бирок толук жоюлбай жатканын айтып, мындай кылмыш жасагандар сөзсүз абакка отурушу керек экенин билдирген.


Атайын кызматтын төрагасы 20-ноябрда айрым жалпыга маалымдоо каражаттарына брифинг өткөрүп, 2020-2024-жылдар аралыгында уюшкан кылмыштуу топтордон, таза эмес олигархтардан мамлекетке акчалай жана мүлк түрүндө 120-125 млрд сом өндүрүлгөнүн айткан.


Кыргызстанда буга чейин жемкорлук үчүн кармалып, сот жообуна тартылып бирок айып пул төлөп эркиндикке чыккан окуялар болгон. (BTo)




 



Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
Australian Open

Русские девушки взяли реванш за финал Олимпиады-2024. Холодная месть Андреевой и Шнайдер в жаркой Австралии






Пассажиропоток аэропорта Кемерово в 2024 году вырос на 9%

Суд продлил арест фигурантам дела об афере с квартирой Ларисы Долиной

«Евгений Онегин» на основной сцене Театра им. В.В. Маяковского

Соотечественников и китайцев приглашают к участию в конкурсе, посвящённом России