Добавить новость
ru24.net
World News
Декабрь
2024

БУУ талап-тоноодон улам Газага жардам жеткирүүнү токтотту

0
БУУнун Жакынкы Чыгыштагы палестиналык качкындарга жардам көрсөткөн агенттиги (UNRWA) Израилден Газа тилкесине Керем-Шалом өткөөлү аркылуу гуманитардык жардам жеткирүү токтотулганын жарыялады. Агенттик буга талап-тоноо менен алек болгон куралдуу топтордун коркутуулары себеп болгонун билдирди.


«Газага гуманитардык жардамдын негизги өтүүчү пункту болгон Керем-Шалом аркылуу жардамды жеткирүүнү токтотууга аргасызбыз. Бул жол бир нече айдан бери кооптуу болуп калды ", - деп жазды аталган агенттиктин башчысы Филипп Лазарини X социалдык тармактагы баракчасына.


Лазарини 30-ноябрда Керем-Шалом аймагында куралчан адамдар гуманитардык жардамдын бир партиясын уурдап кетишкенин, ноябрдын ортосунда дээрлик 100 жүк ташуучу унаа тонолгондугун кошумчалады. Аймакта ок атууну токтотууга чакырды.


Маалыматтарга караганда, Газанын 400 миңдей жашоочусу тамак-аш тартыштыгынан азап чегүүдө. Жергиликтүү тургундар азык-түлүк акыркы жылы абдан курч маселеге айланганын айтышкан.


Бир ай мурун АКШнын коргоо министри Ллойд Остин жана мамлекеттик катчы Энтони Блинкен Израилдин бийлигине жазган катында күн сайын гуманитардык жардам ташыган 350 автоунаанын киришине уруксат берүүгө чакырган. Алар өткөрүү пунктарынын санын көбөйтүү зарыл экенин белгилешкен.


Бул шарттар 30 күн ичинде аткарылбаса АКШнын Израилге аскердик жардам көрсөтүү маселесинде коркунуч жаралышы мүмкүн экени белгиленген. Бул демилгени башка гуманитардык уюмдар дагы колдоп чыгышкан. (AiA)



Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
Екатерина Александрова

Екатерина Александрова вышла в полуфинал турнира в Линце, где сыграет с Каролиной Муховой






Куда приводят детские мечты

Винер о гибели легендарного хоккеиста Харламова: «Я была свидетелем того, как он, ужасно расстроенный, уехал»

Инъекции, помилования и 30-летнее ожидание. Что нужно знать о смертной казни в США

Президент США Трамп: при Байдене страна потратила миллионы на нефть из Венесуэлы