Добавить новость
ru24.net
World News
Декабрь
2024

Абу-Даби аэропортунда 30дан ашуун өзбекстандык кармалып турат

0
Абу-Даби аэропортуна 30-ноябрда учуп барган Өзбекстандын 31 жаранына Бириккен Араб Эмираттарынын аймагына кирүүгө тыюу салынды. Өзбекстандын БАЭдеги элчилиги алар белгисиз себептерден улам кармалып турганын билдирди.


Өзбекстандын дипломатиялык өкүлчүлүгү жана Дубайдагы Башкы консулдугу Бириккен Араб Эмираттарынын бийлик өкүлдөрү менен байланышып, аэропорттун администрациясы менен биргеликте үч маал тамак уюштурулган. Медициналык жардам көрсөтүү маселеси көтөрүлгөн.


«Кырдаалды жөнгө салуу үчүн бардык чаралар көрүлүп жатат», - деп кабарлады элчилик.


Буга чейин repost.uz сайты Абу-Даби аэропортунда Ташкенттен келгендердин паспортторун коопсуздук кызматкерлери алып коюшканын жазган.


Маалыматтарга караганда, кармалгандар 20 жаштан 40 жашка чейинки эркектер. Аялдар, балдары менен кое берилген.


Буга чейин Бириккен Араб Эмираттарында (БАЭ) Израилдин жана Молдованын жараны, раввин Цви Когандын сөөгү табылып, анын өлүмүнө тиешеси бар деген шектүүлөр арасында Өзбекстандын үч жараны боюнча версия каралып жатканы кабарланган.


Полиция Коган киши колдуу болгонун айтууда. Ал 2020-жылдан бери БАЭде жашачу, иудейлердин жергиликтүү диний "Хабад Любавич" ортодокс кыймылынын өкүлү болгон.


Израилдин премьер-министринин кеңсеси жана бул өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги биргелешкен билдирүү жарыялап, Когандын өлүмүн "үрөй учурган антисемиттик террордук акт" деп аташкан. Аталган эки мекеме кылмышкерлер кайсы жерде болбосун жоопко тартылышы үчүн бардык аракет көрүлөрүн убада кылышкан.


АКШ администрациясы Когандын өлүмүн айыптаган. (AiA)



Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
Мэдисон Киз

Киз получит 2,2 миллиона долларов за победу на Australian Open






Олег Газманов пригласил Машу Тихонову из Ульяновска в масштабное шоу

Главы Костомукши и Челмужского поселения представляют Карелию на всероссийском форуме

Врач Бабак: ощущение нехватки воздуха может появиться при болезнях легких

Анатолий Гарбузов: В Москве нарастили производство и поставки настольных игр