Тбилисиде нааразылык акциясына чыккандар парламенттин имаратынын алдына темир тосмолорду орнотту. Маалыматка караганда, үч күн ичинде Грузияда митингдерде 50дөй адам жабыркап, 200гө жакын адам кармалды. Окуяларды чагылдырган журналисттер куугунтукталып, ур-токмокко алынганын айтып чыгышты.