Добавить новость
ru24.net
World News
Декабрь
2024

Гвинеяда стадиондогу тепсендиде 50дөн көп киши набыт болду

0
Гвинеянын түштүк-чыгышындагы Нзерекор шаарында футбол талаасындагы тепсендиде кеминде 56 киши мерт болду. Алардын арасында жашы жете электер да бар экени кабарланды.


Окуя 2-декабрда жергиликтүү "Нзерекор" командасы менен Лабе шаарынан барган футболдук команданын ортосундагы таймаш маалында болду. Оюн ортосунда арбитрдин пенальти тууралуу чыгарган чечимин күйөрмандар адилетсиз деп таап, ага карай таш, бөтөлкө ыргытып башташкан. Андан соң алар футбол талаасына чуркап чыгышкан.


Жергиликтүү ооруканаларга жараат алгандар толуп калганы маалымдалды.


Полиция тартип орнотуу максатында жаш чыгарчу газ чачып, башаламандыкты ого бетер күчөткөн. Топтолгондор стадиондон шашылыш чыгууга аракет кылып, тепсендиде калышкан. Каргаша менен коштолгон мелдеш Гвинеянын президенти Мамади Думбуянын урматына уюштурулган футбол чемпионатынын алкагында өткөн. Ал өзү бийликке 2021-жылкы куралдуу төңкөрүштүн натыйжасында келген.


Оппозиция бул үчүн Думбуяны айыптап, окуяны тыкыр иликтөөгө чакырды.


Гвинеянын коммуникация министри элге кайрылуусунда иликтөө башталганын билдирди. Думбуя өзү кырдаал боюнча үн ката элек.


Гвинея Африканын батышында жайгашкан, 12 миллиондой калкы бар мамлекет.




 



Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
WTA

Мирра Андреева покинула топ-10 рейтинга WTA, оставшись первой ракеткой России






В преддверии международного женского дня героиней акции «Всегда в форме» стала сотрудница вневедомственной охраны прапорщик полиции Татьяна Кротченкова

Мама SHAMAN не общается с его дочерью Варей: «Жалко, что время идет, и хочется быть бабушкой»

Почему свой ЦОД в котельной (ведь это совершенно невыгодно)

НейросетьЗнает: ваш проводник в мир нейросетей и искусственного интеллекта