Кеминде дайынсыз жоголгон тургун 29-ноябрдан бери изделүүдө
43 жаштагы Ш.М. аттуу жаран 29-ноябрда Жалгыз-Тал жайлоосундагы сарайда жашаган досуна учурашканы барып, үйүнө келген эмес, минип жүргөн аты кайтып келген.
Жарандын жоголгону тууралуу маалымат 102 кызматына 1-декабрда түшкөн, милиция ӨКМ кызматкерлерние 2-декабрда кабар берген.
Жумгал районунда 16-октябрда Өрнөк айылынын тургуну уулу менен чогуу мал кайтарганы кеткен бойдон дайынсыз жоголуп, издөө иштери бир айга чукул жүргөн. Жыйынтыгында атасынын сөөгү 14-ноябрда табылган, баласы табыла элек. (ZKo)