Добавить новость
ru24.net
World News
Декабрь
2024

Улуттук Гвардияда сабалды делген аскердин абалы орточо оор деп бааланууда

0
Коргоо министрлиги Улуттук Гвардияда кызмат өтөп жаткан аскердин аёосуз сабалганы боюнча 2-декабрда маалымат берди. Мекеме бул окуяга байланыштуу Куралдуу Күчтөрдүн Улуттук гвардиясынын командачылыгы алдын ала кызматтык иликтөө жүргүзүп, тергөөнүн материалдары Бишкек гарнизонунун Аскер прокуратурасына өткөрүлүп берилгенин билдирди.


Мунун алдында Улуттук Гвардияда кызмат өтөп жаткан 18 жаштагы Эрик Шаршенбаев сабалып, оор абалда ооруканага түшкөнү тууралуу маалымат социалдык тармактарга тараган. Аны эки сержант аёосуз сабаганы, окуя болгондон кийин медициналык жардам дароо көрсөтүлбөгөнүн жазышкан.


“Азаттыкка” Улуттук госпидалдан билдиришкендей, окуя 15-ноябрда болуп, Шаршенбаев 22-ноябрда госпиталга жаткырылган. Ага курч постстрептококк гломерулонефрити, нефротикалык синдром, экинчи топтогу артериалдык гипертензия деген диагноз коюлган, оң бөйрөгү жараат алганы аныкталган. Абалы орточо оор деп бааланууда.




Армияда кызмат өтөп жаткандардын арасында чоңсунуу көйгөйү чечилбей жатканы көп айтылып жүрөт. Башкы прокуратуранын маалыматында, 2020-2021-жылдары онго жакын жоокер суицидге барган.  2019-жылы Кыргызстанда аскерде жүрүп каза болгон 13 жоокердин өлүмү суицид катары бааланган. Андан тышкары зордук-зомбулукка байланыштуу бир катар фактылар орун алган.



Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
Ирина Хромачёва

Россиянка Хромачева проиграла в финале парного турнира по теннису в Мериде






В Петербурге суд посадил скаута элитного эскорт-агентства с юными сотрудницами

Депутат Госдумы Колесник заявил, что временное перемирие невыгодно для России

Свыше 560 дворов Подмосковья благоустроят в этом году

Сейчас вылетит птичка. Как алтайский фотограф «ловит» в объектив редчайших пернатых