Добавить новость
ru24.net
World News
Декабрь
2024

Укук коргоочулар адвокат Самат Матцаковдун камалышын сынга алды

0
Кыргызстандык укук коргоочулар, юристтер жана жарандык активисттер адвокат Самат Матцаковдун камакка алынышын кескин сындаган билдирүү таратты.



Анда бул окуя кадимки укук коргоо иш-аракеттеринин алкагынан чыгып, Кыргызстандын адвокаттык ишмердүүлүгүнүн эркиндигине жана адам укуктарына системалуу коркунуч бар экенин көрсөтүп турганы жазылган.



Билдирүү ээлери Самат Матцаков жөн гана адвокат эместигин, өзүнүн принципиалдуулугу, чынчылдыгы жана коркунучтарга карабай эң аялуу жарандардын укуктарын коргоого даярдыгы менен таанылган адис экенин белгилешкен.



"Бул окуя көз карандысыз адвокатурага гана басым көрсөтпөстөн, укук жана адилеттүүлүк нормаларын толугу менен четке кагуунун көрүнүшү болуп калды. Самат Матцаковдун камакка алынышы бир катар мыйзам бузуулар менен коштолууда: Камакка алынгандан кийин адвокат өзүнүн үй-бүлөсүн жана кесиптештерин өз убагында кабардар кылуу укугунан ажыратылган, бул Кыргызстандын улуттук мыйзамдарын жана эл аралык милдеттенмелерин бузууга жатат", - деп жазылган анда.



Укук коргоочулар Самат Матцаков адвокат алуу укугунан колдоно албаганын белгилеп, анын камакка алынышына байланыштуу соттук процессте кепилдиктер сакталбаганы - адилеттүүлүккө болгон ишенимди алсыратып жатканын айтышууда.



"Бөгөт чарасын кароо боюнча соттук териштирүү тараптардын тең укуктуулугу принцибин ачык эле четке каккан шартта өттү. Коргоо тарабы бирдей эмес шарттарга коюлуп, бул адилеттүү соттук териштирүүгө болгон негизги укуктарды орой түрдө бузган. "Тергөө купуялуулугуна" шилтеме жасалып, коргоо тарапка негизги документтерди көрүүгө уруксат берилген эмес. Бул тыюу коргоо тараптын өз милдеттерин толук кандуу аткарышына тоскоолдук жаратып, процесстин ачык-айкындыгына жана мыйзамдуулугуна болгон ишенимди алсыратып жатат. Сот коргоо тараптын өтүнүчтөрүн, анын ичинде камакка алуу чарасын тандоо үчүн жетиштүү негиздердин жоктугу тууралуу билдирүүлөрдү жана зарыл процессуалдык материалдарды берүү талаптарын четке каккан. Бул коргоо тарабына карата ачык-айкын бир тараптуулукту көрсөтүп турат", - деп жазылган.



Билдирүү ээлери адвокат Матцаковдун кармалышы боюнча бийлик өкүлдөрү так жана ишенимдүү түшүндүрмөлөрдү бербегени - иштин саясий мүнөзү бар деген шек туудурарын белгилешкен. Акыркы жылдары Кыргызстанда сөз эркиндигин, тынч чогулуу укугун жана жарандык активдүүлүктү чектөөгө багытталган мыйзамдар менен демилгелер көбөйүп бараткан учурда бул окуя - күчөп бараткан репрессиялардын бир бөлүгү катары кабыл алынышы ыктымалдыгын айтышкан.



Жарандык коом адвокат Самат Матцаковду дароо жана шартсыз бошотууну, анын кармалышын объективдүү жана ачык иликтөө, адвокаттарды ар кандай куугунтуктан коргоо чараларын көрүүнү талап кылышууда.



Билдирүү ээлери жалпы укук коргоо коомчулугун, эл аралык уюмдарды өлкөдө адилеттүүлүктү калыбына келтирүү үчүн чогуу аракеттенүүгө үндөштү.



Билдирүүгө 17 адам кол койгон.


Буга чейин Кыргызстандын адвокатурасы адвокат Самат Матцактовдун “алдамчылыкка” шектелип кармалышына тынчсыздануусун билдирип, баш прокурор Максат Асаналиевге кайрылуу жолдогон.


Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) камакта жаткан ишкер Имамидин Ташовдун жана үч жылга кесилген Аскат Жетигендин адвокаты Самат Матцаковду 29-ноябрда кармаган.




Бишкектин Биринчи май райондук соту анын бөгөт чарасын 30-ноябрга караган түнү карап, Матцаковду 30-декабрга чейин камакта калтырган. Ал Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) Тергөө абагында кармалат. Адвокатка Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси ("Алдамчылык") жана 379-беренеси ("Документтердин жасалмасын жасоо") менен иш козголгону сотто маалым болгон.



Ал өзүнүн кармалышын абактагы ишкер Имамидин Ташовдун ишине байланыштырып, күнөөсү жок экенин билдирүүдө. Мекеме бул тууралуу расмий маалымат бере элек.



Матцаков Бишкектин Ленин райондук соту 10-октябрда алты жылга абакка кескен Temirov Live жана “Айт, айт десе” долбоорунун жетекчиси Махабат Тажибек кызынын, беш жыл эркиндигинен ажыратылган “Айт, айт десе” долбоорунун кызматкери Азамат Ишенбековдун жактоочусу. Үч жылдык пробациялык жаза чегерилген журналисттер Актилек Капаров менен Айке Бейшекееванын да укугун сотто коргойт.(ZKo)




 



Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
Australian Open

Русские девушки взяли реванш за финал Олимпиады-2024. Холодная месть Андреевой и Шнайдер в жаркой Австралии






Анна Седокова после смерти Яниса Тиммы увеличила гонорары в два раза

В 90 парках Московской области пройдет праздник "ЗАЧЕТный парк"

ЮРГПУ (НПИ) имени М.И. Платова. Состоялась очередная встреча учащихся 1 курса духовно-просветительского проекта "ЧЕЛОВЕК ЦЕРКВИ" 2024-25г.

Эксперты составили рейтинг самых продаваемых в 2024 году новостроек бизнес-класса Москвы