Добавить новость
ru24.net
World News
Декабрь
2024

Баткенде климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашуу маселеси талкууланды

0
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги менен БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы (БУУ ДАТП) климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашуу боюнча тажрыйба алмашуу үчүн үч облустун өкүлдөрүнүн жолугушуусун уюштурду.


Иш-чарага министрликтин, кайра иштетүү, өнөр жайынын өкүлдөрү менен Ош, Нарын, Баткен облустарынын жергиликтүү бийлик өкүлдөрү климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашуу жаатында тажрыйба, чечимдери менен бөлүшүп, Баткендеги долбоорлор менен таанышып, климаттын өзгөрүшүнө туруктуулукту жогорулатуу үчүн жаңычыл аракеттер менен таанышты.


Мында желим калдыктарды жана органикалык шартта өрүктү кайра иштетүү, кургакчылыктын алдын алуу багытында сууну сарамжалдуу пайдалануу, айыл чарбасынын кирешесин арбытуу сыяктуу демилгелер көрсөтүлүп, сунуштар айтылды.


Демилге Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө жардам көрсөтүү максатында 2022-2025-жылдары ишке ашырылып жаткан Жашыл климат фонду тарабынан каржыланган долбоордун бир бөлүгү. Долбоор Ош, Баткен жана Нарын облустарындагы азык-түлүк коопсуздугу курч абалдагы 100 миңден ашуун кишинин мүмкүнчүлүктөрүн жана климаттын өзгөрүшүнө туруктуулугун жогорулатуу аркылуу колдоо көрсөтөт.


13-ноябрда Баку шаарында климаттын өзгөрүшү жана тоолор маселеси боюнча Жогорку деңгээлдеги диалогдо президент Садыр Жапаров эл аралык коомчулукту климаттын өзгөрүшүндөгү эң аялуу болгон тоолуу өлкөлөргө колдоо көрсөтүүнү күчөтүүгө чакырган.


Садыр Жапаров климаттын өзгөрүшүнүн тоолуу аймактарга жана мөңгүлөргө тийгизген терс таасирин белгилеп, климаттык көйгөйлөрдү чечүүдө эл аралык коомчулуктун колдоосу зарыл экенин белгилеген. (JsA)



Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
ATP

Дубай (ATP). 1-й круг. Хачанов встретится с Эвансом, Циципас – с Сонего, Баутиста-Агут сыграет с Марожаном






ЦСКА ещё может подписать Вильягру

Вкус Масленицы: жителей столицы приглашают на кулинарные мастер-классы

Упрощенная запись в 1 класс в Подмосковье: кому положена и как воспользоваться

Врач Кондрахин объяснил, как смена погоды повлияет на здоровье москвичей