Грузияда евроинтеграцияны жактаган акциялар бешинчи түнү уланды
Төрт миллион калкы бар бул өлкөдө бийликке каршы толкундоолор бешинчи түн катары менен уланды. Демонстранттар өкмөттүн Евробиримдикке кошулуу тууралуу сүйлөшүүлөрдү 2028-жылга чейин токтотуп койгонуна нааразылык билдирүүдө. “Азаттыктын” грузин кызматы жазгандай, бул түнү да көп адам кармалды. Алардын соңку саны азырынча белгисиз. 2-декабрда жалпы камалгандардын саны 224кө жеткени кабарланган.
Грузиянын Ички иштер министрлиги 2-декабрдын кечинде жасаган билдирүүсүндө демонстранттарды шаардын инфратүзүмдөрүн бузуп-талкалоого жана полициячыларга кол салууга айыптады. Мекеменин маалыматына караганда, “жаалданган топтун мүчөлөрү” полиция тарапка ар кандай буюм-тайымдарды, таш, бөтөлкө, жардыруучу заттарды ыргыткан.
Буга чейин Грузиянын президенти Саломе Зурабишвили полициянын аракеттерин сынга алып, демонстранттардын көбү кармоо учурунда аеосуз сабалганын X социалдык түйүнүнө жазган.
Нааразылык толкундоолору Тбилисиден тышкары Батуми, Кобулети, Озургети жана башка шаарларда өтүп жатат. 2-декабрда митингдерге мектеп окуучулары, студенттер, мугалимдер да чыгышты.
Грузиянын акыйкатчысы Леван Иоселиани Ички иштер министрлигин митингдерге тоскоолдук жаратпоого чакырды.
Ал арада демонстранттар бири-бирине биринчи жардам көрсөтүп, митингчилерге ыктыярчылар бекер кофе, ысык тамак сунуштап жатышат.