Добавить новость
ru24.net
World News
Декабрь
2024

Улуттук онкология жана гематология борборун Нурбек Букуев жетектейт

0
Улуттук онкология жана гематология борборуна жетекчи болуп Нурбек Букуев дайындалды. Аны 3-декабрда борбордун эмгек жамаатына саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев тааныштырды. 42 жаштагы Нурбек Букуев буга чейин Улуттук борбордун гинекология бөлүмүн жетектеп келген.



Улуттук онкология борборунун мурдагы жетекчиси Бактыгүл Султангазиева бир ай мурун кызматынан алынган. Аны кызматтан алуу сунушун саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Министрлер кабинетине киргизген.



Султангазиеванын дарегине Жогорку Кеңештин бир катар депутаттары сын-пикир айтышкан. Депутат Айсулуу Мамашева аны "онкология дартына чалдыккан бейтаптарды жеке клиникасына барып дарыланууга мажбурлайт" деп айыптаган.




Депутаттардын дооматтарына Бактыгүл Султангазиева эч кандай комментарий берген эмес.



Султангазиева аталган борборду 2021-жылдан бери жетектеп келди. (ZKo)




 



Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
ATP

Циципас одержал первую победу в финалах турниров ATP-500 после 11 поражений






Мальчика, которому хаски в Сочи разорвали лицо, доставили на лечение в Москву

Позор Астане: Казахстан готов направить преподавателей и студентов в оккупированный Азербайджаном в армянский Степанакерт. Фоторяд

Водителю грозит 3,5 года за жестокое обращение с собаками в Подмосковье

В издательстве ТГУ выпустили вторую книгу о коте Кузе