Добавить новость
ru24.net
World News
Декабрь
2024

Сот экс-депутат Канатбек Исаевдин камактагы мөөнөтүн узартты

0
Бишкектин Октябрь райондук соту 2-декабрда Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, саясатчы Канатбек Исаевди 2025-жылдын 27-январына чейин камакта калтырды. Анын камактагы мөөнөтүн узартуу өтүнүчүн сотко Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөөчүсү берген.


Октябрь райондук соту саясатчынын бөгөт чарасын 22-ноябрда карап, 4-декабрга чейин атайын кызматтын тергөө абагына камакка алган.


Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) Чүй облусу боюнча башкармалыгынын кызматкерлери Канатбек Исаевди 20-ноябрда кармап, Кылмыш-жаза кодексинин “Уюшкан топторду жана кылмыштуу коомдоштуктарды каржылоо” беренеси менен айып таккан. Ал коюлган айыпка макул эмес экенин билдирип, кылмыш ишин саясат менен байланыштырды.


УКМК козголгон кылмыш иши тууралуу маалымат бере элек.




Канатбек Исаев Кемпир-Абад ишине байланыштуу кармалган саясатчы жана активисттер менен чогуу 2022-жылы 23-октябрда камакка алынган. Райондук сот ал 2017-жылы козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалганын билдирген.


Бишкектин Биринчи май райондук соту 2023-жылдын 11-январында саясатчынын бөгөт чарасын өзгөртүп, аны үй камагына чыгарган.


УКМК 2017-жылы Канатбек Исаевди “мамлекетте төңкөрүш уюштурууга аракет кылган” деген шек менен кармаган. Ушул иштин алкагында ал УКМКнын тергөө абагында дээрлик бир жыл отуруп, 2018-жылдын 18-июлунда Бишкек шаардык соту аны үй камагына чыгарган.


Ал 2020-жылдагы Октябрь окуясынан кийин 13-октябрда Жогорку Кеңештин төрагасы болуп шайланган. 4-ноябрга чейин спикер болуп иштеп, президенттик шайлоого талапкерлигин койгону үчүн кызматтан кеткен. (BTo)




 



Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
Вероника Кудерметова

Вероника Кудерметова вылетела с турнира в Дохе






Центральная библиотека Красногорска провела интерактив для школьников ко Дню памяти А. С. Пушкина

Московский зоопарк занимает первое место в мире по разнообразию видов

Начались подготовительные работы по возведению тоннеля под путями МЦД-2

Семинар об особенностях оформления ордеров на земляные работы пройдет в Москве