Козголоңчулар Сириянын Хама шаарына жакындады
Хама - аянты боюнча өлкөдөгү төртүнчү чоң шаар.
Маалыматты Рейтер агенттигинин кабарчылары да ырасташты. Алар билдиргендей, Хаманы алса, козголоңчулар Башар Асаддын өкмөтүнө басымды дагы күчөтүшөт.
Өткөн жумада козголоңчу күчтөр Сириянын ири шаарларынын бири Алеппону жана Идлиб провинциясындагы бир нече айылды өз карамагына алышкан.
Сириянын түндүк-батышындагы күтүүсүз чабуулду президент Башар Асаддын өкмөтүнө каршы чыккан ири топтордун бири "Хаят Тахрир аш-Шам" жетектеп жатат.
Бул негизинен салафи, сунни жана ашынган радикалдардан турган согушкер топ. Ал Сирияда ислам динине негизделген мыйзамдар менен башкарылган мамлекет түзүлүшү керек деп эсептейт. Аталган топ Сирияда жарандык согуш башталгандан бир жылдан кийин, 2012-жылы пайда болгон.
Сириядагы кырдаалды 3-декабрдын кечинде телефондон Орусиянын жана Түркиянын президенттери талкуулашты. Владимир Путин менен Режеп Тайып Эрдоган жаңжалды жайгаруу үчүн дипломатия керек экенин белгилешти.