Добавить новость
ru24.net
World News
Декабрь
2024

Сербияда чет элдик агент тууралуу мыйзам долбоору сунушталды

0
Сербияда вице-премьер-министр Александр Вулин башында турган Социалисттердин кыймылы парламенттин кароосуна чет элдик агент тууралуу мыйзамды киргизди.


Мыйзам долбооруна ылайык, каржысынын көбүн чет жактан алган бейөкмөт уюмдар, бирикмелер, саясатчылар "чет элдик агент" катары катталып, өз макамы тууралуу бардык билдирүүлөрдө белгилеши керек.


Мыйзамды бузгандар кылмыш жоопкерчилигине тартылып, беш миң динардан эки миллион динар (42-17 миң долларга чейин) айып пул төлөөгө милдеттендирилет.


Мыйзам долбоорун парламенттин кароосуна киргизген партия бул демилге "бейөкмөт тармагындагы ачыктыкты жогорулатууга багытталганын" билдирди. Айрым депутаттар кээ бир уюмдар "Сербиянын улуттук кызыкчылыктарына каршы ачык иштеп жатышат" деп эсептейт.


Партиянын лидери Вулин Сербия өкмөтүндөгү ашынган орусиячыл саясатчы катары белгилүү. Ал жыл сайын бир нече жолу Орусияга барып турат жана БРИКСке мүчө өлкөлөр менен кызматташууга жооп берет. 2023-жылы Вулин "Балкан мамлекеттериндеги Орусиянын ишмердигин өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн" АКШнын санкцияларына кабылган.


Быйыл жазда Кыргызстанда “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” же “Чет элдик өкүл” деп таанылган талаштуу мыйзам долбоору Жогорку Кеңеште кабыл алынып, көп өтпөй ага президент Садыр Жапаров кол койгон. Ал ушул мыйзам боюнча берген маектеринин биринде “өкмөттүк эмес уюмдарга куугунтук болбойт” деп убада кылган.


Ушуга окшош мыйзам июнь айынын башында Грузияда кабыл алынып, нааразылык акциялар менен коштолгон.




 



Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
Янник Синнер

Первая ракетка мира Янник Синнер завел YouTube-канал






Самолет Тбилиси – Санкт-Петербург совершил аварийную посадку в Пулково

Бастрыкин затребовал доклад по делу об отравлении детей в отеле в Москве

Москвичей предупредили о рекордном атмосферном давлении на следующей неделе

Ткани премиум-класса – обзор ассортимента «Тканель»