Добавить новость
ru24.net
World News
Декабрь
2024

Талас: Милиция калайман мушташка катышкан окуучулар экспертизадан баш тартканын билдирди

0
Социалдык тармактарда тараган Таластагы окуучулардын мушташынын чоо-жайын милиция териштире баштады. Бул тууралуу "Азаттыкка" облустук милициянын басма сөз кызматы 4-декабрда билдирди.


Маалыматка караганда, окуя 29-ноябрь күнү саат 12:00 чамасында Талас районунун Жон-Арык айылындагы Акматбек Нуржанов атындагы орто мектебинде болгон.


Анда 10-11-класстын балдарынын ортосунда пикир келишпестиктен улам чыр чыккан. Бул факты райондук милициянын электрондук журналына катталган.


Териштирүү учурунда 10-11-класстын балдары, ата-энелери менен биргеликте эч кимге эч кандай доо жок экенин айтып, соттук медициналык экспертизадан өтүүдөн баш тарткан.




Буга чейин социалдык тармактарда мектеп окуучулары мушташып жаткан видеосу тараган. Анда айрым окуучулар колуна таяк кармап жүргөнүн, окуучулардын бирин көтөрүп баратканын көрүүгө болот.


Кыргызстанда мектептеги балдардын мушташы буга чейин да катталып, өлүм менен аяктаган учурлар болгон. 


5-сентябрда Чүйдүн Сокулук районундагы Комсомол айылында мектептеги мушташтан 9-класстын окуучусу каза тапкан. Кылмышка 16 жаштагы өспүрүм шек саналып кармалган.


Март айында Сузак районунда 9-класстын окуучуларынын мушташы 15 жаштагы уландын өлүмү менен аяктаган. Мушташка байланыштуу 10-класстын төрт окуучусу кармалган. (MKt)



Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
WTA

Теннисистка Андреева станет первой ракеткой России после выхода в финал WTA






Житель Подмосковья выставил на продажу редкую долларовую купюру

Мурашко: в Абхазии врачи из России провели осмотр более 1800 детей

Концерт с участием более 600 юных музыкантов прошел в Музее Победы

Партнер казанских кинорежиссеров запускает свой фильм с «Мисс Европа-2024»