Добавить новость
ru24.net
World News
Декабрь
2024

Фейсбуктагы пикири үчүн кармалган Турду Акматалиевдин иши сотко өттү

0
Фейсбуктагы пикири үчүн айтыпталып, камакта жаткан Турду Акматалиевдин иши сотко өттү. Бул тууралуу "Азаттыкка" Бишкектин Биринчи май райондук сотунун маалымат кызматы билдирди.


Мекемеден билдиргендей, алгачкы соттук отурум 19-декабрь, саат 14:00го дайындалган.




63 жаштагы Турду Акматалиев "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын мүчөсү. Ал 2017-жылдан бери Орусияда курулуш тармагында эмгектенип жүргөн.


Орусиянын күч түзүмдөрү аны Красноярск шаарынан быйыл 22-мартта кармап, 28-октябрда Кыргызстанга алып келингени белгилүү болгон. Сурак учурунда тергөөчүлөр Фейсбуктагы билдирүүсү үчүн кармалганын айткан.


Ага Кылмыш-жаза кодексинин 327- ("Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырыктар") беренеси менен айып тагылган.


Турду Акматалиев кармалганга чейин социалдык тармактарга учурундагы саясий окуяларга пикирин жазып, сындап жүргөн.


Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет Турду Акматалиевдин кармалышына байланыштуу комментарий бере элек.


Кыргызстанда социалдык тармактын колдонуучулары жарыялаган билдирүүлөрү үчүн ар кандай айып менен камакка алынган окуялар катталып келет. (MKt)



Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
ATP

Медведев оставил ироничную надпись на камере на турнире ATP в Индиан-Уэллсе






SHAMAN и Екатерина Мизулина подтвердили свои отношения

«Торпедо» и «Уфа» сыграли вничью в матче Первой лиги

Суд над Иваном Поповым: После ареста генерала адвокат поймал Фемиду на двойном нарушении

В иранском порту Чехбехар стартовали учения «Морской пояс безопасности — 2025»