Добавить новость
ru24.net
World News
Декабрь
2024

Эрдоган менен Путин Сириядагы кырдаалды талкуулады

0
Орусия менен Түркиянын президенттери Владимир Путин менен Режеп Тайып Эрдоган 3-декабрда телефондон сүйлөшүп, Сириянын түндүгүндөгү жаңжалды жайгарууда дипломатия зарыл экенин белгилешти. Сүйлөшүүдөн кийин Эрдогандын кеңсеси тараткан билдирүүдө Сирия мындан ары туруксуздуктун булагы болбошу керектиги жазылган.


“Түркия Сириянын аймактык бүтүндүгүн колдоону улантып жатса да, ошол эле учурда Сирияда туруктуу жана адилеттүү кырдаал орношун көздөйт”, - деп жазылат X социалдык түйүнүнө жарыяланган кеңсенин билдирүүсүндө.


Эрдогандын сөзүнө караганда, Түркия Күрдстан жумушчу партиясына каршы чечкиндүү күрөшүн улантат. Аталган уюмга Түркияда тыюу салынган жана Вашингтон менен Анкара аны террордук деп тааныган.




Эрдоган менен Путин сириялык козголоңчулар өткөн жумада Алеппону басып алгандан кийин өкмөттүк аскерлерге каршы чабуулун күчөтүп жаткан маалда сүйлөштү. 3-декабрда козголоңчулар Хама шаарына жакындашканын Сириядагы Адам укуктарына көз салган борбор билдирди. Маалыматка караганда, козголоңчулардын чабуулдарынан 600дөй адамдын өмүрү кыйылды. Алардын 100дөн көбү жай тургундар.


Ал эми Путин телефондук сүйлөшүүдө “радикал топтордун Сирия мамлекетине каршы террордук агрессиясын тезинен токтотуу керек экенин” баса белгиледи. Кремль тараткан маалыматка ылайык, эки лидер тең бул маселе боюнча Орусия, Түркия жана Иран тыгыз байланышта болуусу зарыл экенин белгилешти.



Ирандын тышкы иштер министри Аббас Аракчи 3-декабрда Катардын жаңылыктар агенттигине курган маегинде Дамаск суранса, Тегеран Сирияга аскер жиберүү маселесин караштыра турганын билдирген.
Ал эми Ирактын өкмөт башчысы Шиа аль-Судани Багдад жөн гана "көрүүчү" болуп турбастыгын айтты.




 



Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
ATP

Монпелье (ATP). 2-й круг. Рублев сыграет с Юбэнксом, Бублик – с Кепфером, Оже-Альяссим – с Казо






Ученые признали январь в Москве температурным рекордсменом

Около 60 тысяч кыргызстанцев в России находятся в «зоне риска» и могут быть депортированы на родину

Казанский ТЮЗ показал спектакль «Просто жить» о жизни после участия в СВО

Акцию по безопасности на ж/д станциях провели в 40 округах Подмосковья