Добавить новость
ru24.net
World News
Декабрь
2024

Акыйкатчы институту пикир үчүн камалган жаран кыйноого кабылганын билдирди

0

Акыйкатчы институтунун кызматкерлери 2-декабрда №31 түзөтүү мекемесине барганда, ал жерде дарыланып жаткан Алымбек Мамытов деген жаран мурда кыйноого кабылганы белгилүү болгон.

Бул тууралуу "Азаттыкка" Акыйкатчы институтунун бөлүм башчысы Эмил Жандаев 4-декабрда маалымдады.

“"Жаңы кармалганда мени УКМК кызматкерлери катуу сабап коюшту. Омурткаларым жакшы болбой жатат" деп айтып берди. Ошол себептен 31-мекемеде дарыланып жатыптыр. Ал 31-мекеменин кызматкерлерине эч даттанган жок. Топтолгон материалдарды Башкы прокуратурага жөнөтөбүз”, - деди Эмил Жандаев.

Буга чейин Алымбек Мамытовдун апасы Гүлжамал Айдаракунова уулун тергөөчүлөр сабаганын 28-октябрдагы сот отурумунан кийин журналисттерге айтып берген. Ал уулунун бел омурткасы жабыркап, кан басымы көтөрүлүп жатканын айткан.

Алымбек Мамытовду Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) былтыр 13-ноябрда кармаган. Ага Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандык” беренеси менен иш козголгонун билдирген.

Ал Фейсбукта Адис Жумгалов деген аккаунтту колдонуп, баракчасына массалык башаламандыкка жана бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына баш ийбөөгө чакырыктарды такай жарыялап турган деп айыптаган.

Шектүү жашаган жерден төрт уюлдук телефон, бир компьютер, эки ок атуучу курал жана ок-дары табылганын билдирген.

Буга чейин камакта жаткан ишкер Имамидин Ташов Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) бир нече кызматкери кыйноого алганын маалымдап, Башкы прокуратурага кайрылган.

УКМК ишкердин тергөө абагында кыйноого кабылгандыгы чындыкка дал келбесин билдирген. (MKt)




Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
Андрей Рублёв

«Теннисным матчем это было не назвать». Рублёв — о вылете на старте турнира в Дубае






Генпрокуратура подала иск к владельцу «Главпродукта»

Глава Минздрава РТ провел встречу с женами и мамами медработников, служащих в зоне СВО

В Румынии обвинили 101-летнего генерал-майора Раду Теодору в заговоре

Телетрап повредил самолет в "Внуково": возбуждено расследование прокуратуры