Добавить новость
ru24.net
World News
Декабрь
2024

Садыр Жапаров уюшкан кылмыштуу топтор толук жок кылынганын айтты

0
Президент Садыр Жапаров Кыргызстанда уюшкан кылмыштуу топтор толугу менен жок кылынганын билдирди. Бул тууралуу мамлекет башчы 3-декабрда Түштүк Кореяга жасаган расмий сапары учурунда Глобалдык өсүү институтунун төрагасы, Бириккен Улуттар уюмунун (БУУ) мурдагы башкы катчысы Пан Ги Мун менен жолугушуусунда айтты.


Садыр Жапаров Кыргызстандын ички дүң өнүмү (ИДӨ) акыркы үч жылда жыл сайын орточо эсеп менен 9% өсүп жатканын кошумчалап, Пан Ги Мунду өлкөгө келип кетүүгө чакырды.


“Биз коррупция менен чечкиндүү күрөшүп жатабыз. Уюшкан кылмыштуу топтор менен күрөшүү боюнча да масштабдуу иштер жүрүүдө. Уюшкан кылмыштуу топторду түп-тамырынан жоготтук десек туура болот”, - деди президент.




Садыр Жапаров Түштүк Кореяга болгон расмий сапарында бул өлкөнүн президенти Юн Сок Ёль, Улуттук ассамблеясынын спикери У Вон Шик менен да жолугушту.


Кыргызстанда “кримчөйрөнүн анабашы” аталган Камчы Көлбаев (Камчыбек Асанбек) 2023-жылы 4-октябрда Бишкекте Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) атайын операциясы маалында өлтүрүлгөн. Бул окуядан кийин атайын кызмат уюшкан кылмыштуу топтун бир катар мүчөлөрүн жана ага байланышы бар делген адамдарды кармаган.


Бишкектин Биринчи май райондук соту 29-ноябрда “Женго” деген каймана ат менен белгилүү болгон уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү Кадырбек Досоновду 20 жылга абакка кести. Ага Кылмыш-жаза кодексинин “Кылмыштуу коомдоштукту түзүү же ага катышуу”, “Адам өлтүрүү” беренелери менен айып тагылган. (BTo)




 



Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
Елена Рыбакина

Елена Рыбакина вызвала оптимизм перед стартом на топовом турнире






Позор Астане: Казахстан готов направить преподавателей и студентов в оккупированный Азербайджаном в армянский Степанакерт. Фоторяд

В Москве пройдёт более тысячи экскурсий по программе «Мой район» в 2025 году

SQWOZ BAB в Москве уже на этой неделе. Like FM рекомендует

Незабываемый вечер музыки и эмоций: Наталья Которева представила новый альбом "Стены любви"