Добавить новость
ru24.net
World News
Декабрь
2024

Ташиев вьетнамдык инвестор боюнча Темировдун иликтөөсүнө жооп берди

0
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев журналист Болот Темировдун "Аккула" ат майданынын жери вьетнамдык жарандар ээлик кылган компанияларга берилгени жөнүндө иликтөөсүнө жооп берди.


Ал Жогорку Кеңештин 5-декабрдагы сессиясында депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып, журналистти “бүлүк салуучу” деп атады.


“Баягы Темиров деген кандайдыр бир иликтөө чыгарыптыр. Сыягы вьетнамдарга жерлерди сатып жибердик дегендей. Жок эле жерден президентибизге сөз келтирип, “кытайларга жер сатып жиберди, вьетнамдарга жер сатып жиберди” деди. Ошону журналист деп эсептесек болобу? Ал вьетнамдарды алып келиш үчүн бир жылдан бери чуркайбыз. Кыргызстанга акчасын салып, инвестиция алып келиши үчүн. Мындан эки апта мурун Бишкек мэри Айбек Жунушалиев сүйүнүп телефон чалыптыр. Баягы вьетнамдар акчасын которду, жакшы болду, бизге келип акча түштү деп. Аны президент Садыр Жапаров чөнтөгүнө салып алган жок. Ошону уккан инвестор эртең келбейт. Аны журналист эмес, бүлүк салуучу дейт”, - деди Ташиев.


4-декабрда Temirov LIVE каналында Болот Темиров "Аккула" ат майданы жана Бишкектеги “Ай-Пери” бизнес борбору жөнүндө иликтөө жарыялаган. Анда вьетнамдык инвесторлор жөнүндө айтылат.




Ноябрдын аягында Бишкек мэриясы “Аккула” ат майданынын 53 гектардан ашык жери ири турак жай жана бизнес комплекстерди куруу үчүн “РЦА Ливинг” аттуу фирмага берилерин жарыялаган. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун 26-ноябрда чыгарган токтомуна ылайык, ат майдандын 53,5 гектар жер тилкеси “РЦА Ливинг” ишканасына 49 жылга пайдаланууга берилип жатат. Инвестор кырк тогуз жылдык ижара акысы үчүн шаар бюджетине 67 млн доллар төлөйт.


“Аккула” ат майданынын жерине улай, Бишкектин так ортосундагы “Ай-Пери” бизнес борборунун расмий түрдө 568 млн сомго бааланган 98,41% мамлекеттик үлүшү дагы чет элдиктер түзгөн “РЦА Бишкек” аттуу фирмага сатылганы жатканы кабарланууда. (TSh)



Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
Australian Open

«Я слишком стара, но иду дальше». Списанная русская теннисистка покоряет Австралию и готова мстить за Мирру






В Тамбове стартовал региональный этап Всероссийской олимпиады по химии

45-тысячным гостем выставки «Самара» стал учитель по предмету «Основы безопасности и защиты Родины»

Игры и мастер-классы: как пройдет зимний фестиваль школьного спорта в «Лужниках»

«Путешествие в Рождество»: общение с Дедом Морозом в Южном Бутове