Добавить новость
ru24.net
World News
Декабрь
2024

Судья Кой-Таш окуясы боюнча сотту жабык өткөрүү өтүнүчүн четке какты

0
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттин (УКМК) мурдагы төрагасы Орозбек Опумбаевдин адвокаты 5-декабрда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда судьяга жараянды жабык өткөрүп, видеого тартууга тыюу салуу сунушун берди. Ал коомчулукка туура эмес маалымат тарап жатканын айтып, аны прокурор да колдоду.


Айыпталуучулар жана алардын адвокаттары күбө катары көрсөтмө берген адамдын адвокаты сотко өтүнүч келтире албасын айтышты. Судья Орозбек Опумбаевдин адвокатынын өтүнүчүн канаттандырган жок.


Орозбек Опумбаев 2-декабрда Биринчи май райондук сотунда Кой-Таш окуясы боюнча күбө катары көрсөтмө берип, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди Кой-Таштагы үйүнөн кармап келүү операциясы тууралуу ошол кездеги президент Сооронбай Жээнбековдун кабары болгонун билдирген.




Кыргызстанды 2011-2017-жылдары башкарган Алмазбек Атамбаев 2019-жылы “Батукаев иши” боюнча Кой-Таштагы үйүндө кармалып, камакка алынган. Аны колго түшүрүү операциясында бир офицер каза болуп, 175 адам жараат алган. Бир нече иш козголуп, 2019-жылдан бери камакта отурган Алмазбек Атамбаев былтыр 14-февралда абактан бошотулган жана 15-февралда дарылануу үчүн Испанияга учуп кеткен. Ошондон бери өлкөгө кайтып келе элек.


Бишкектин Биринчи май райондук соту анын чет өлкөгө чыгып дарылануусуна уруксат берген чечим чыгарган. Тергөө жана прокуратура органдары Кой-Таш окуясы боюнча коюлган айыптын далилдери жетиштүү экенин билдирген.


Кой-Таш окуясы боюнча сот иши 2022-жылдан бери уланууда. Ишти Биринчи май райондук соту карап жатат.


Орозбек Опумбаев 2020-жылы бийлик алмашууга алып келген Октябрь окуясынан бери коомчулукка биринчи жолу чыкты. (BTo/MKt)




 



Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
ATP

Определился соперник Андрея Рублёва во втором круге турнира ATP-500 в Роттердаме






Политолог Блохин: Россия делала шаги навстречу, а теперь очередь за США

Новые правила въезда в Таиланд для россиян: что нужно знать

Hill: Суд в США заблокировал решение Трампа по отзыву сотрудников USAID

Аэрофлот впервые откроет прямые рейсы из Москвы в Нячанг