Добавить новость
ru24.net
World News
Декабрь
2024

ЖК Сабировду социалдык камсыздоо министри кызматына жактырды

0
Жогорку Кеңеш 5-декабрдагы жыйынында Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри кызматына Равшанбек Сабировду дайындоого макулдук берип, токтом кабыл алды.


Мурдагы министр Жылдыз Полотова башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу 4-декабрда кызматтан кеткен. Бирок кайсы кызматка которулганы айтылган эмес.


Равшанбек Сабиров 2010-жылы “Ата Мекен” партиясынан парламентке депутат болуп шайланган. Көп өтпөй бул партиянын сунушу менен социалдык өнүктүрүү министри болгон. 2012-жылы ал чет өлкөгө бала асыроого уруксат берүүдөгү коррупцияга шек саналып камакка алынган. Сот аны беш жылга кесип, абакта эки жыл жазасын өтөгөн соң мунапыс менен эркиндикке чыккан.




2020-жылы бийликтин алмашуусуна алып келген Октябрь окуяларында Садыр Жапаровдун командасы менен бирге бийликке келген Равшан Сабировдун соттуулугу жоюлуп, президенттин кеңешчиси жана вице-премьер-министр кызматтарын аркалаган. Ал президенттин кеңешчиси болуп турганда Ысык-Көлдүн жээгине курулары айтылган “Асман” шаары боюнча иш алып барган.


2021-жылы 28-ноябрда өткөн парламенттик шайлоодо “Ата Журт-Кыргызстан” партиясынын тизмеси менен Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланган. 2022-жылы март айында Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы кызматына келип, ошол эле жылдын сентябрь айында кызматтан кеткен. (BTo)




 



Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
Алекс Де Минор

Де Минор стал финалистом турнира в Роттердаме






США переманивают ключевого союзника России: как повлияет новый военный меморандум и чем это грозит Москве?

Рядом со зданием все еще трудно дышать. Пожар на Электрозаводе потушен

"Челси уступил Брайтону в 1/16 финала Кубка Англии"

Ушли на пике: Анна Самохина и еще 4 актрисы, жизнь которых оборвалась слишком рано