Добавить новость
ru24.net
World News
Декабрь
2024

УКМК төрагасы салыкчылардын иши боюнча дагы кармоолор болушу мүмкүн экенин айтты

0
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев коррупциялык иштерге байланыштуу Мамлекеттик салык кызматынын дагы башка кызматкерлери кармалышы мүмкүн экенин билдирди.


Бул тууралуу атайын кызматтын жетекчиси 5-декабрда Жогорку Кеңеште Кыргызстанда коррупцияга айыпталгандарга жазаны күчөтүү боюнча мыйзам долбоору талкууланып жатканда айтып, “кармоолор айрым жетекчилерге чейин жетиши мүмкүн” деди. Ошондой эле Бишкекте 3-декабрда кармалган салыкчылар коррупциялык схема түзүп алганын кошумчалады.




“Булар товарды кампалардын чыгарып электрондук товардык-транспорттук коштомо кагазды (ЭТТК-ЭТТН) жазып жөнөтүшөт. Сосновка постунан аны кайра артка кайтардык, товар кампага келди деп коюшат. Бирок товар артка келбей эле Ош, Жалал-Абад же Баткенге жетип сатылып кетип атат. Ошол эле кезде салыгы төлөнбөйт. Товар болсо сатылып кетти”, - деди ал.


Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Мамлекеттик салык кызматынын Бишкектеги райондук башкармалыктарынын төрт жетекчисин (А.Р., Дж.У., А.Н. жана Т.А.) кармаган. Атайын кызмат аларга Кылмыш-жаза кодексинин “Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу” беренеси менен иш козгогон.


УКМК салыкчылардын мыйзамсыз иштеринен бюджетке 3,2 млрд сом зыян келтирилгенин билдирген.


Мамлекеттик салык кызматы акыркы текшерүүлөр тууралуу маалымат бере элек. Кармалгандардын жакындаы менен адвокаттары менен байланышууга мүмкүнчүлүк болгон жок. (BTo)




 



Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
Елена Рыбакина

Рыбакина выдала тяжелый матч за полуфинал турнира в Абу-Даби






Дистрибьютор музыки. Дистрибьютор музыки в России.

РИА Новости: "TIME представил обложку с Маском". TIME ПРИМЕРНО ПОВТОРИЛ ИДЕЮ АНАТОЛИЯ ГОЛОДА. В.В. Путин, Дональд Трамп, Илон Маск. Россия, США, Европа могут улучшить отношения и здоровье общества?!

поселение Мосрентген - Сварочные работы любой сложности

Изменившийся Толик вернулся без Лены Полено, Сагалова ретировалась: чем удивят новые «Букины»