Франциянын парламенти өкмөткө ишеним көрсөткөн жок
Премьер-министрдин отставкасы үчүн 331 добуш берилди. Le Parisien басылмасы бул 1962-жылдан бери өкмөттү депутаттар кетирген алгачкы учур экенин жазды.
Премьер-министр депутаттардын макулдугу жок социалдык камсыздандыруу боюнча 2025-жылдын бюджетин кабыл алгандан кийин отставкага кетти.
Документте бюджеттин 40 миллиард евро чыгымын кыскартып жана салыкты жалпы 20 миллиардга көбөйтүү сунушталган.
Барнье өкмөттү 90 күн башкарды. Ал президент жаңы премьер-министр дайындаганга чейин өкмөттү башкарып турат. Оппозиция Макронду дагы отставкага кетүүгө чакырды.