Добавить новость
ru24.net
World News
Декабрь
2024

Түштүк Кореянын коргоо министри аскердик абал үчүн кечирим сурап, кызматтан кетти

0
Түштүк Кореянын коргоо министри Ким Ён Хён кызматтан кетти. Бул тууралуу Yonhap маалымат агенттиги кабарлады. Ал президенттин аскердик абал киргизүү аракети үчүн коомдон кечирим сурады.


"Мен президенттен аскердик абал киргизилген маалдагы башаламандык үчүн өзүмө жоопкерчилик алуу менен президентке кызматтан кетүүнү сунуштадым", - деди ал.


Түштүк Кореядагы ири оппозициялык күч саналган демократиялык "Тобуро" партиясы 4-декабрда президент Юн Сок Ёлдун кызматтан кетишин талап кылып, импичмент жарыялоого чакырды. Рейтер агенттиги жазгандай, бул талапты оппозициядагы дагы беш партия колдоого даяр. Тиешелүү мыйзам долбоору добушка 5-6-декабрь күндөрү коюлушу мүмкүн.


3-декабрдын кечинде Түштүк Кореянын президенти Юн Сок Ёль күтүүсүздөн өлкөсүндө аскердик абал жарыялаган. Ал өз чечимин "оппозициянын мамлекетке каршы ишмердүүлүгү өкмөткө жолтоо болуп жатканы" менен түшүндүргөн.


Бир нече сааттан кийин парламент аны жокко чыгарган. 4-декабрдын таңында президент өз чечимин артка кайтарууга аргасыз болгон.


Түштүк Кореядагы акыркы кырдаалдарга байланыштуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) ал жактагы кыргыз жарандарын тынчтыкка, этият  болууга чакырды.




 



Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
Елена Рыбакина

Рыбакина начала работать с бывшим тренером Динары Сафиной






Вторичный рынок оказался в руках продавцов: эксперты рассказали, сколько это продлится

СЕНСАЦИЯ ПРО "Z" И "Аз" В НЛП СВО. ДОРАБОТКА РАКЕТЫ "ОРЕШНИК". СПАСЕНИЕ ОТ ДЕНУКЛЕАРИЗАЦИИ! В.В. Путин, Дональд Трамп. Новости. Россия, США, Европа могут улучшить отношения и здоровье общества?!

В СВР рассказали, как проходила Ялтинская конференция

В Находке подростки избили гостей ресторана, отказавшихся дать им сигареты