Добавить новость
ru24.net
World News
Декабрь
2024

Акын Бурулкан Сарыгулова Кыргызпатенттин сынагында жеңүүчү болду

0

“Азаттыктын” журналисти, акын Бурулкан Сарыгулованын “Мендеги мезгил” ырлар жыйнагы Интеллектуалдык менчик жана инновациялар агенттиги (Кыргызпатент) менен Мамлекеттик китеп палатасы уюштурган “Жылдын мыкты китеби” сынагында “Жылдын мыкты поэзиясы” номинациясы боюнча жеңүүчү деп табылды. Мекеменин басма сөз кызматы 4-декабрда билдиргендей, сынакка 2023-2024-жылдары басылган 400дөн ашык китеп түшкөн.

Калыстар тобунун чечими менен “Жылдын мыкты прозасы” сыйлыгы “Тайгада калган өмүр” романы үчүн Бекмамбет Атакановго берилди. Насыпбек Асанбаевдин “Чыныгы башчы” китеби “Жылдын мыкты балдар адабияты” сыйлыгына арзыды.

Ал эми “Турар” басмаканасы “жылдын басмасы” деп табылды. Сынактын баш байгеси болгон “Жылдын мыкты китеби” наамы “Бет-Алман” романы үчүн Ишен Айтмамбетовго берилди.

Мындан тышкары “7 жаш автор” адабий сынагы да жарыяланып, келип түшкөн 31 өтүнмөнүн ичинен жети жеңүүчү тандалып, алардын автордук китеби басылып чыкты. Бул эмгектердин бет ачары жана сынактын жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи 6-декабрда өтөт.

“Мындай конкурстарды өткөрүүнүн максаты – авторлордун чыгармачылыгына өбөлгө түзүү, мыкты китептерди коомчулукка жайылтуу, оригиналдуу басылмаларды аныктоо, көркөм дизайн жана полиграфиялык жактан сапаттуу чыккан иштерди элге таанытуу болуп эсептелет”, - деп жазылган Кыргызпатенттин билдирүүсүндө.

Бурулкан Сарыгулова мунун алдында Жазуучулар союзунун 90 жылдык мааракесинде соңку эки жыл ичиндеги эмгектери үчүн Алыкул Осмонов атындагы адабий сыйлыктын лауреаты болгон.

Калемгердин быйыл “Мендеги мезгил” жана “Уютку кеп” деген эки китеби жарык көрүп, алардын бет ачары өткөн.

Бурулкан Сарыгулова - Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, “Алтын калем” адабий сыйлыгынын лауреаты. (TAb)




Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
ATP

Андрей Рублёв сохранит место в топ-10 рейтинга ATP после вылета Шелтона в полуфинале АО






Чиновники будут в соседней камере? В Мытищах задержали таджичку, которой местная администрация подарила квартиру

Осужденный за финансирование ИГ тренер Исматзода объявлен террористом

Минстрой изменит порядок оплаты отопления

На северо-западе Москвы благоустроили Сходненскую набережную для прогулок