Добавить новость
ru24.net
World News
Декабрь
2024

Спирт ичимдиктеринин акциздик маркасын жаңылоого убакыт берилбейт

0
Президент Садыр Жапаров алкоголдук ичимдерге акциздерди кайра чаптоо талабы үчүн мөөнөт берилбей турганын 5-декабрда Фейсбуктагы баракчасына жазды. Ал алкоголдук ичимдерди өндүргөндөр жана импорттоочулар анын дарегине кайрылуу жолдоп, акциздерди кайра чаптоонун мөөнөтүн алты айга узартып берүүнү өтүнүшкөнүн билдирди.


Жапаров тийиштүү мамлекеттик кызматкерлер эки жылдан бери акциздик маркаларга байланыштуу, ар кыл көмүскө схемаларды жоюунун үстүндө иш алып барышканын, учурда бир гана “Учкун” басмаканасы жогорку деңгээлдеги коргоо элементтери менен акциздерди басып чыгарып жатканын билдирген.


“Анткени буга чейин акциздер чет мамлекеттерден алынып келип, биринчиден, жасалмалоого оңой болсо, экинчиден, Салык кызматындагы коррупцияга кынык алган айрым кызматкерлерге акциздерди чаптабай туруп, өзүлөрүнө алкоголдук продукциянын керектүү санын көрсөтүүгө ыңгайлуу болуп келген. Башкача айтканда, жасалма же контрабанда жолу менен кирген продукциялар сатыкка чыгып келген. Натыйжада миллиарддаган каражаттар казынага түшпөй калып жаткан. Кечээги Салык кызматынын айрым кызматкерлеринин укук коргоо органдары тарабынан кармалып жатышынын бир себеби дагы дал ушуга окшогон схемаларга байланыштуу болуп жатат”, - деди Жапаров.


Ал буга чейин чыгарылган продукцияларга мурда чапталган акциздик маркалардын үстүнө “Учкундан” чыгарылган жаңы маркалар акысыз чапталып берилерин, ишкерлер чыгым тартпай турганын белгиледи.


Эгерде акциздик марканы кайра чаптоо үчүн алты ай убакыт берилсе, мамлекетке алты миллиард сом түшпөй каларын айтты.




Мунун алдында Кыргызстандагы алкоголдук продукцияларды чыгарган жана импорттогон компаниялар маалымат жыйын өткөрүп, Салык кызматы алардын продукцияларына жаңы акцизди чаптоо үчүн үч күн убакыт беришкенин айтышкан. Алар мындай талапты кыска убакта аткаруу мүмкүн эмес экенин, мунун арты менен ташып келүүчүлөр продукцияларды кайра заводдорго кайтарууга мажбур болорун билдирип жатышат. (TAb)


 



Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
Елена Рыбакина

Мирра Андреева прокомментировала разгромную победу над Еленой Рыбакиной






Эксперт Бархота: ограничение на автокредиты связано с высокими ценами на машины

Аномальная жара в марте и ледяной май: синоптики обнародовали новый прогноз на весну 2025 года

Приговор актеру за избиение экс-замглавы Минэнерго оставили в силе

Как "Томск САХ" чистил улицы второй и третьей категорий 11 марта