Добавить новость
ru24.net
World News
Декабрь
2024

Казакстанда кыз ала качууга аралашкандарды жоопко тартуу сунушталды

0
Казакстандын парламентинде кыз ала качууга катышы барларды жана күчтөп никеге тургузгандарды кылмыш жоопкерчилигине тартуу сунушталды. Депутаттар билдиргендей, аял укуктарын коргоо аракеттерине карабай “кыз ала качуу” фактылары уланып жатат.


“Мага бир ролик (видеотасма) көрсөтүштү. Кызды ала качып кетишкен экен. Жанында бирөө туруп алып "өз ыктыярым менен келдим" деп жазууга мажбурлап жатат. Кыздар алардын укуктары бузулуп жатканын, аларды коргоого эч ким кызыкдар эместигин айтышууда. Атактуу ырчылар ала качуу тууралуу ырдап жатышат. Аларды сахнадан жаңыртып, теледен чагылдырып жатышат. Биз мыйзам аркылуу мындай көрүнүштөргө тыюу салышыбыз керек”, - деди парламент депутаты Марат Абенов.




Мажилис депутаттарынын сөзүнө караганда, өткөн жылы Казакстанда 13 ала качуу фактысы катталган. Ал эми быйыл сегиз ай ичинде бир гана Түркстан облусунда 18 учур катталган.


Спикер Ерлан Кошанов буга чейин Башкы прокуратура Кылмыш кодексине “Никеге тургузуу максатында адам уурдоо” беренесин киргизүү демилгесин колдогонун айтты.


Ал билдиргендей, учурда бул маселенин үстүндө мамлекеттик органдар иштеп жатышат.


Кыргызстанда кыз ала качуу - оор кылмыш. 2019-жылы кабыл алынган мыйзам боюнча кызды күч менен ала качкан адам беш жылдан 10 жылга чейин эркинен ажыратылат.




 



Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
WTA

Соболенко вышла в ⅛ финала турнира WTA-1000 в Индиан-Уэллсе






Карпин объяснил, почему Сантос не попал в окончательный список сборной России

Первая песня Astra Vey – «Благодарю» уже доступна на музыкальных площадках

ВЦ «Раздолье» расскажет об управлении мясопереработкой с 1С:ERP: от актов взвешивания до заявок на акции

Сталинград: Великий подвиг, великая битва, великие решения