Адвокат Матцаковдун иши: УКМК алты күндөн кийин маалымат берди
Атайын кызмат Матцаков кылмышты жашыруу максатында алдамчылык жана документ жасоо боюнча айыпталып жатканын билдирди.
“М.С.А. жактоочулук ишин жүргүзүү менен сот органдарынын кызмат адамдары менен байланышы бар деп, ишенимге кирип, 22 000 АКШ доллары өлчөмүндө акча каражатын ээлеп алган”, - деп айтылат УКМКнын билдирүүсүндө.
Атайын кызмат тергөө иштеринин жүрүшүндө Матцаков өзүнүн кылмышын жашыруу үчүн жасалма документ жасаганы аныкталганын, буга байланыштуу Башкы прокуратура экинчи кылмыш ишин козгогонун билдирди. УКМК адвокаттын кылмышка катышына далил бар деп эсептейт. Учурда тергөө уланып жатканы айтылды.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) камакта жаткан ишкер Имамидин Ташовдун жана үч жылга кесилген Аскат Жетигендин адвокаты Самат Матцаковду 29-ноябрда кармаган.
Бишкектин Биринчи май райондук соту анын бөгөт чарасын 30-ноябрга караган түнү карап, Матцаковду 30-декабрга чейин камакта калтырган. Ал Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) Тергөө абагында кармалууда. Адвокатка Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси ("Алдамчылык") жана 379-беренеси ("Документтердин жасалмасын жасоо") менен иш козголгону сотто маалым болгон.
Адвокат өзүнүн кармалышын абактагы ишкер Имамидин Ташовдун ишине байланыштырып, күнөөсү жок экенин билдирүүдө.
3-декабрда Кыргызстанда бир нече жактоочу адвокат Самат Матцаковго кылмыш иши козголуп, анын камакка алынышын айыптап чыгышты. Алар маалымат жыйын өткөрүп, бул окуядан кийин адвокаттык ишмердиктин мыйзамда көрсөтүлгөн кепилдиктерине коркунуч жаралганын белгилешти.
Матцаков Бишкектин Ленин райондук соту 10-октябрда алты жылга абакка кескен Temirov Live жана “Айт, айт десе” долбоорунун жетекчиси Махабат Тажибек кызынын, беш жылга эркиндигинен ажыратылган “Айт, айт десе” долбоорунун кызматкери Азамат Ишенбековдун да жактоочусу. Үч жылдык пробациялык жаза чегерилген журналисттер Актилек Капаров менен Айке Бейшекееванын да укугун сотто коргоп келген. (TSh)