Добавить новость
ru24.net
World News
Декабрь
2024

УКМК телефон аткезчилигинен 100 млн сом зыян келтирилгенин билдирди

0
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) уюлдук телефондорду контрабандалык жол менен ташып келген туруктуу схема аныкталганын билдирди.


Атайын кызматтын кабарлашынча, кымбат баалуу телефондорду ташып келүүдөгү туруктуу коррупциялык схемага чек ара кызматынын жана башка кызмат адамдары дагы аралашкан.


Бажы төлөмдөрүнөн качуу үчүн телефондорду Кыргызстанга келген чет өлкөлүк жарандарга катташкан. Ал жарандар бул боюнча кабардар болгон эмес.


“Чек ара кызматынын кызматкерлери материалдык жана башка пайда алуу максатында жеке импортчуларга уюлдук аппараттарды аткезчилик жол менен алып өтүүгө жана аларды каттоого жогоруда аталган жарандардын паспорттук маалыматтарын берүү жолу менен көмөк көрсөткөн”, - деп айтылат УКМКнын билдирүүсүндө.




З-декабрда Бишкек шаарындагы “Айчүрөк” жана Beren Gold соода борборлорунда, Ош шаарындагы соода борборлордо тинтүү жүргүзүлдү. Алдын ала маалымат боюнча коррупциялык схемалардан казынага 100 млн. сомдон ашык зыян келтирилген.


Учурда Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренесинин ("Коррупция") боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүп жатат. (TSh)



Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
Даниил Медведев

AFP: Медведев заплатит штраф в 76 тысяч долларов за поведение на Australian Open






Мошенники начали воровать Telegram-аккаунты россиян с помощью домовых чатов

Депутат Стенякина заявила, что бюджет России готов к допиндексации пенсий

Москвичи вынужденно оставили квартиру на два дня из-за клещей в новогодней елке

Туристов обрадовали: популярная для отдыха страна может запустить дополнительные рейсы