Добавить новость
ru24.net
World News
Декабрь
2024

Түштүк Корея: Парламент президентке импичмент жарыялай алган жок

0
Түштүк Кореянын парламенти президент Юн Сок Ёлго импичмент жарыялоо үчүн жетиштүү добуш топтой албай калганын Yonhap басылмасы жазды.


Парламенттеги 300 депутаттын 195и гана добуш берүүгө катышты. Мыйзам боюнча президентке импичмент жарыялоо үчүн кеминде 200 депутаттын макулдугу керек.


Парламенттеги добуш берүү оңчул партиянын бойкотунан улам үзгүлтүккө учурады. Демократиялык партиянын өкүлдөрү добуш берүүгө катышуудан баш тартып, жыйындан чыгып кетишти. Парламенттеги оппозицияда 192, президенттик “Элдин күчү” партиясында 108 мандат бар.


Сеулда парламент имаратынын алдында президент Юн Сок Ёлго импичмент жарыялоо жана камакка алуу талабы айтылган акциялар уланууда.


3-декабрдын кечинде президент Юн Сок Ёль күтүүсүздөн өлкөсүндө аскердик абал жарыялаган. Ал өз чечимин "оппозициянын мамлекетке каршы ишмердүүлүгү өкмөткө жолтоо болуп жатканы" менен түшүндүргөн.


Президенттин кайрылуусунан бир нече сааттан кийин 3-декабрда Түштүк Кореянын парламенти президенттин жарлыгын жокко чыгарган. Бул үчүн 190 депутаттын бири калбай добуш берип, парламент бул чечимди жокко чыгарган. Ал учурда ондогон адам парламент алдына нааразылык акциясына чыгып, полиция менен кагылыша кеткен. (TAb)



Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
ATP

Рублев обыграл Басилашвили и вышел в полуфинал турнира ATP в Монпелье






Несколько автомобилей столкнулись на внешней стороне 36-го километра МКАД

Пушистые предсказатели: какие животные умеют «предчувствовать» погоду

В Екатеринбурге загорелось административное здание

"ИИСУС ИЗ УСБ", ANATOLIY GOLOD'S GREATEST QUANTUM PHYSICS! ELON MUSK CAN STOP HIS SPACE EXPLORATION! IDEAL WORLDS CAN BE PRODUCED. Россия, США, Европа могут улучшить отношения и здоровье общества?!