Айыл чарбаны каржылоого 4,4 млрд сом насыя берилди
Насыя “Айыл Банк” жана “Элдик Банк” (РСК) банктары аркылуу берилүүдө.
Министрликтин маалыматына караганда, айыл чарбасын өнүктүрүүгө багытталган арзан насыянын быйылкы көлөмү 5 млрд сом.
Мурдараак “Айыл банктын” төрагасы Тилек Алимжанов быйыл “Айыл чарбасын каржылоо – 12” долбоору аркылуу дыйкандарга насыя берүү үчүн 7 млрд сом бөлүнгөнүн парламентте айткан. (ZKo)