Добавить новость
ru24.net
World News
Декабрь
2024

“Бишкек-сити” борборун куруу боюнча мамлекеттик дирекция жоюлду

0
Президент Садыр Жапаров “Бишкек-сити” эл аралык ишкердик борборун куруу” долбоорун ишке ашыруу боюнча мамлекеттик дирекцияны жоюу тууралуу жарлыкка кол койду. Ушул эле жарлыкта “Бишкек мэриясы “Бишкек-ситини” куруу долбоорун ишке ашырууну камсыз кылсын” деп жазылган.


Мамлекеттик дирекция 2021-жылдын 1-ноябрында түзүлгөн.


Садыр Жапаров 2023-жылы 10-мартта Бишкекте түрттүрүлгөн “Нарын” ресторанынын ордуна беш жылдыздуу мейманкана, бизнес-борбор жана соода аянттарын камтыган “Бишкек-сити” көп тармактуу комплекстин курулушуна капсула салган. Комплексте 296 номери бар беш жылдыздуу мейманкана, 444 батирлүү турак жай, соода аянттары жана 1,2 миңден ашык автоунаа үчүн жер астындагы машине токтотуучу жай салынары айтылган. Долбоордун баасы 321 млн долларды түзөт.


Бул проектти ТОО Feb group филиалы, Hyper Partners, ARIYA, Core Architecture жана Gurgoli курулуш компаниясы ишке ашыра турганы кабарланып, алардын ээси ким экени айтылган эмес.




Президенттик администрация тараткан фото-видеолордон курулуштардын пайдубалын түптөө иш-чарасына эл аралык медиалардын акча адалдоо, мыйзамсыз жүк ташуу боюнча иликтөөлөрүндө аты аталган кытайлык ишкер Хабибулла Абдукадыр да барган. Анын президенттин жанында жүргөнү коомчулукта талкуу жараткан.


11-мартта Садыр Жапаров “Кабар” маалымат агентигине чуу жараткан теги кытайлык ишкер Хабибулла Абдукадыр жөнүндө комментарий берип, аны инвестор деп атаган.


“Азаттык” радиосу, “Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө долбоору” (OCCRP) жана анын Кыргызстандагы өнөктөшү Kloop басылмасынын иликтөөлөрүндө уйгур тектүү бизнесмен Хабибулла Абдукадыр бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов менен байланышы бар экенин, Дубайдагы бизнес өнөктөшү экенин аныктаган. Абдукадырдын үй-бүлөсү Матраимов менен биргеликте мыйзамсыз иштерге катышы бар болушу мүмкүн экени айтылган. (BTo)




 



Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
Андрей Рублёв

Рублев вышел в четвертьфинал теннисного турнира в Роттердаме






На лыжной трассе в Лыткарино заработала снежная пушка

Ушел из жизни народный артист СССР Олег Стриженов

Президент Эстонии Карис: Европе нужно ввести полный запрет на торговлю с Россией

На имущество «Фабрики С-ТЕП» под Новосибирском резко снизили цену