Добавить новость
ru24.net
World News
Декабрь
2024

ЖАК Султанбеков медициналык текшерүүдөн баш тартканын билдирди

0
Жаза аткаруу кызматы Социал-демократтар партиясынын Бишкектеги №1 тергөө абагында жаткан лидери Темирлан Султанбеков 7-декабрда комплекстүү медициналык текшерүүдөн баш тартуу боюнча жазуу жүзүндө арыз бергенин билдирди. Мекеме ал тамак-аш ичпей, ачкачылык кармоо ден соолугуна зыян экени тууралуу эскертүүлөргө көңүл бурбай жатканын кошумчалады.


“Темирлан Султанбеков №1 тергөө абагынын медициналык кызматкерлеринин көзөмөлүндө. Ал суу, шире (сок) жана максым ичип жатат. Мекеменин жетекчилиги ага түшүндүрүү иштерин улантууда”, - деп айтылат маалыматта.


Темирлан Султанбеков ачкачылык кармап жатканына 26 күн болду. Ал ачкачылыкты Бишкек шаардык милициясы кармаганда эле баштаган.




Бишкектин Свердлов райондук соту 15-ноябрда Темирлан Султанбековду, Социал-демократтар партиясынын мүчөлөрү Ирина Карамушкинаны жана Роза Түрксеверди эки айга камакка алган. Бишкек шаардык соту 2-декабрда аларды камакта калтырган.


Шектүүлөргө Бишкек шаардык милициясы 14-ноябрда Кылмыш-жаза кодексинин “Шайлоочулардын добуштарын сатып алуу” беренеси боюнча кылмыш ишин козгогон. Алар коюлган айыпты четке кагып, муну саясий басым-кысым деп баалап жатат.


Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы козголгон кылмыш ишин жана тергөөнүн маалыматтарына таянып Социал-демократтар партиясын Бишкек шаардык кеңешине шайлоого катышуудан четтеткен. (BTo)




 



Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
Юлия Путинцева

Всегда непросто. Первая ракетка России объяснила победу над Путинцевой






В Химках проходят Крещенские купания

19 января в истории Асбеста

Mash: проект beauty pass запустят в лучших ресторанах Москвы

В Подмосковье пациенту сделали операцию на головном мозге