Добавить новость
ru24.net
World News
Декабрь
2024

Lawyers for Lawyers уюму кыргыз бийлигин Матцаковду бошотууга чакырды

0
Lawyers for Lawyers уюму жана Англия менен Уэльстин юристтер коому Кыргызстанда адвокат Самат Матцаковдун кармалышына тынчсыздануусун билдирди.


Биргелешкен билдирүүдө Самат Матцаков саясий өңүтү бар иштерде жактоочулук кылып, сотто журналисттердин укугун коргоп келатканы, ага козголгон иш адвокаттык ишмердиги менен байланыштуу экени айтылат. Алар кыргыз бийлигин Самат Матцаковду токтоосуз бошотууга чакырып, ишенимдүү далилдер келтирилбесе ага коюлган бардык айыптарды алып салуу керек экенин билдирди.


Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) камакта жаткан ишкер Имамидин Ташовдун, үч жылга кесилген акын Аскат Жетигендин жана журналист Актилек Капаровдун адвокаты Самат Матцаковду 29-ноябрда кармаган.




Бишкектин Биринчи май райондук соту анын бөгөт чарасын 30-ноябрга караган түнү карап, 30-декабрга чейин УКМКнын тергөө абагына камакка алган.


Атайын кызмат адвокатка козголгон иш тууралуу алты күндөн кийин гана – 5-декабрда маалымат берип, ага Кылмыш-жаза кодексинин “Алдамчылык” жана “Документтердин жасалмасын жасоо” беренелери менен кылмыш иши козголгонун кабарлаган.


Самат Матцаков өзүнүн кармалышын абактагы ишкер Имамидин Ташовдун ишине байланыштырып, күнөөсү жок экенин билдирген.


3-декабрда Кыргызстанда бир нече жактоочу Самат Матцаковго кылмыш иши козголуп, анын камакка алынышын айыптап чыгышкан. Алар маалымат жыйын өткөрүп, бул окуядан кийин адвокаттык ишмердиктин мыйзамда көрсөтүлгөн кепилдиктерине коркунуч жаралганын белгилешкен. (BTo)




 



Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
Australian Open

«Я слишком стара, но иду дальше». Списанная русская теннисистка покоряет Австралию и готова мстить за Мирру






В МВД рассказали россиянам, как не стать жертвой мошенников

Юрист Хаминский: хамство в интернете может привести к уголовному наказанию

«АТОЛ Онлайн»: Продавцам возвращают каждый 14-й подарок на Новый год

Газовый принцип: ученые создали ПО для мониторинга токсичных паров мазута