Министрлик: Бала бакчада чарчап калган Алиянын окуясын комиссия иликтеп жатат
Мекеменин маалыматы боюнча, комиссия окуя болгон бала бакчага барып, балдардын ден соолугун жана өмүрүн сактоо боюнча алдын алуу иштерин күчөтүү тапшырмасын берген. Министрлик мындан тышкары жергиликтүү бийлик менен бирге бала бакчаларда видео көзөмөл орнотуу маселеси каралып жатканын кошумчалады.
Алиянын таенеси Гүлнара Базарматова мамлекеттик бала бакчада болгон окуяны акыйкат териштирүүнү талап кылып кайрылган.
Бул окуяга байланыштуу Сокулук милициясы Кылмыш-жаза кодексинин “Шалаакылык” беренеси менен кылмыш ишин козгоп, териштирүүнү баштаган. Гүлнара Базарматова 1,5 айдан бери иш ордунан жылбай жатат деп нааразы болууда.
Чүй облустук милициясы бул факты Сокулук райондук милициясында каттоого алынып, тергөөгө чейинки текшерүү жүргөнүн, тергөө уланып жатканын билдирген. (BTo)